Мектептерге 90 миңден ашык Алиппе таратылат

Билим Загрузка... 17 Апрель 2026 16:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/.
1 -класстарга Алиппе окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү даярдалган Алиппе окуу китептерин кабыл алышты.

Окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыгып, мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган.

Жалпы 90 миң 380 нускада Алиппе өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына таратылат.