Абанын сапатын жакшыртуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

Экология Загрузка... 09 Июнь 2026 13:00
WhatsApp_Image_bJDphzd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Абанын сапатына көз салган World Air Quality уюмунун сайтында 2025-жылдын 16-декабрындагы жарыяланган маалыматына таянсак, Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү 127 ири шаардын ичинен 37-орунду ээлеген. Анда абанын сапаты тууралуу индексте борбор калаанын абасынын булганышы 82 көрсөткүчүн көрсөттү. Бул “орточо булганган” дегенди билдирет. Ал эми бүгүн, 9-июнда абанын сапаты боюнча Бишкек шаары 82-орунду ээлеп, 36 көрсөткүчтү көрсөттү. Бул абанын жакшырганын билдирет. Мындан улам аба айрыкча кыш мезгилинде булганарын айтсак болот. Абанын сапатын жакшыртуунун алкагында өлкөдө, анын ичинде борбор калаада кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу “Кабар” агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айтып берди.

Бүгүнкү күндө абанын сапатын жакшыртуу үчүн бир катар багытта иштер жүргүзүлүүдө. Мында мыйзамдарды өркүндөтүү, булгоочу заттардын чыгарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү, газдаштырууну кеңейтүү жана ири эл аралык экологиялык долбоорлор ишке ашырылууда.

Мыйзамдык чараларга келсек, учурда "Лицензиялоо жана уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Анын максаты бул иш-аракетке лицензия берүүнү күчөтүү менен автомобиль катализаторлорун сатууга жана алмаштырууга көзөмөлдү күчөтүү. Мыйзам долбоору учурда макулдашууда.

5429483689382448385.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Маанилүү кадам катары 2026–2027-жылдарга абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү болду. Бул документ абанын булганышын азайтууга жана өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртууга багытталган бир катар чаралардын комплексин аныктайт.

Министрлер кабинети ошондой эле Бишкекте жана Чүй облусунда майда көмүрдү сатууга тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Анткени, мындай көмүрдү колдонуу жылытуу мезгилинде абанын булганышынын көбөйүшүнө алып келүүчү фактор болуп саналат.

Газдаштыруу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулууда. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында калк үчүн жаратылыш газынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.

1034051573_0_0_3000.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Бүгүнкү күнгө чейин 155 жаран бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга жетишти. Берилген насыялардын жалпы суммасы болжол менен 19 млн сомду түздү.

Ошондой эле Бишкекте жана анын тегерегиндеги аймактарда газдаштыруу иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин 49 миңден ашык кардар жаратылыш газына туташкан, алардын 33 миңден ашыгы үйлөрүн газ менен жылытышат.

Мындан тышкары, министрлер кабинети тарабынан "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо - 4" долбоору бекитилген. Бул долбоордун алкагында 2026-жылга карата республикалык бюджеттен насыянын пайыздык чендерин субсидиялоо үчүн 25,84 млн сом бөлүнгөн.

Ошол эле учурда мамлекеттик экологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ушул жылдын биринчи кварталына карата пландаштырылган, пландан тышкаркы жана текшерүү иш-чараларынын натыйжасында экологиялык мыйзамдарды бузуу жана абага булгоочу заттардын чыгарылышы үчүн жалпысынан 4 млн сомдон ашык 200дөй административдик айып пул салынган.

WhatsApp_Image_s3V0IuU.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен да олуттуу иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 50 млн долларлык "Кыргыстанда абанын сапатын жакшыртуу" долбоору учурда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен каржыланып, ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында абанын сапатын көзөмөлдөө системалары модернизацияланат, булганууну болжолдоонун заманбап механизмдери киргизилет, абанын сапатын башкаруу системасы жакшыртат жана Бишкекте PM2.5 жана парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды ишке ашырат.

Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен өнөктөштүктө абанын сапатын жакшыртуу боюнча 10 млн долларлык жаңы долбоор да башталды. Аны ишке ашыруу 2028-жылга чейин пландаштырылган.

Долбоор 2028–2038-жылдарга карата абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгууну, Бишкекте булгоочу заттардын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды ишке ашырууну жана Чүй облусундагы мектеп менен бала бакчаларга экологиялык жактан таза жылуулук насосторун орнотууну камтыйт. Жалпысынан 30 билим берүү мекемесин заманбап жылытуу системалары менен жабдуу пландаштырылууда.

WhatsApp_Image_3PH4LEP.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Жалпылап айтканда, бүгүнкү күндө абанын сапатын жакшыртуу боюнча аракеттер комплекстүү болуп саналат жана мыйзамдарды өркүндөтүүнү жана мониторингди күчөтүүнү, ошондой эле газдаштырууну өнүктүрүүнү, заманбап технологияларды киргизүүнү жана ири эл аралык долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт. Бул чаралардын баары экологиялык кырдаалды жакшыртуу, абанын булганышын азайтуу жана жарандардын ден соолугун коргоо максатын көздөйт.