Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленди

Экология Загрузка... 05 Июнь 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жана Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чарага президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, Жаратылыш ресурстары, экология жана
техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

5267366133000509990.jpg

Өз сөзүндө Сейдалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн жаратылыш байлыктарын сактоого, климаттык жана экологиялык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган мамлекеттик экологиялык саясатты ырааттуу ишке ашырып келерин билдирди.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери өзгөчө курч сезилет. Ушуга байланыштуу айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык өзгөрүүлөргө адаптация болуу, көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана “жашыл экономиканы” өнүктүрүү маселелери мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат", - деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө экологиялык күн тартиби системалуу мамилени жана мамлекеттин, илимий коомчулуктун, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттерин талап кылат.