"Кабар" агенттиги Беларустун "Точка" порталынын Кыргызстан тууралуу макаласын сунуштайт. Бул макалада Кыргызстандын “экономикалык кереметинин” сырлары туурасында айтылат.
Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана президент Садыр Жапаровдун ролу, Кумтөрдү улутташтыруу жана коррупцияга каршы айыгышкан күрөш, мамлекеттик кызматтарды масштабдуу санариптештирүү жана башка реформалар.
Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстан терең институционалдык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү.
Салыштырмалуу чакан экономикасы менен КМШ мейкиндигинде эле эмес, дүйнө боюнча экономикалык жогорку өсүү ыргагы менен ургаалдуу өнүгүп жаткан өлкөгө айланды. Кыргызстандын өнүгүүдөгү сапаттуу секиригин өлкөнүн улуттук символу болгон ак илбирстин чыныгы секириги менен салыштырса болот.
Бул макалада биз ийгиликтин себептерин, президент Садыр Жапаровдун ролун жана ошондой эле эмне үчүн Кыргызстан Борбор Азиянын жаңы ак илбирси аталып жатканын талдайбыз.
Game changer: лидердин ролу
2010-жылдан 2020-жылдын октябрына чейин Кыргызстанда өкүм сүргөн башкаруунун гибриддик парламенттик-президенттик формасы алгачкы күндөн тартып эле көпчүлүк эксперттердин жана скептиктердин көңүл чордонунда болду.
Айрымдары пикирлердин нукура плюрализми камсыздалып, “демократиялык институттардын бекемделип” жатканын айтышса, башкалары постсоветтик мейкиндикте парламентаризмдин натыйжасыздыгын айтып, карама-каршы позицияны карманышты.
Тажрыйба көрсөткөндөй өлкөдө бир нече “чечим кабыл алуу борбору” пайда болду, бирок иш жүзүндө алардын бири да экономикадагы жана социалдык тармактагы натыйжалар үчүн жоопкерчиликти алган эмес. Натыйжада, өкмөттүн жыл сайын алмашуусу, кадрдык башаламандык, парламенттеги тууганчылыктын күчөшү жана чоң коррупциялык жаңжалдар мамлекеттик башкаруу системасына ишенимди жок кылды.
Коронавирус пандемиясы менен бирге өлкө 2020-жылы республикалык бюджеттин болуп көрбөгөндөй тартыштыгына кабылды. Таңсыктык 20 миллиарддан ашык сом же 244 миллион долларды түздү. Өлкө пенсия, жөлөк пул жана айлык акыларды төлөө боюнча өзүнүн негизги милдеттерин аткара албай калуу коркунучуна туш болгон.
2021-жылдын январында жарандардын 80%дан ашыгы кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдоду. Жапаров бийликке келген алгачкы күндөн тартып мамлекеттик башкаруу системасы түп-тамырынан бери реформалана турганын жарыялаган.

Өлкөнүн тагдыры үчүн толук жоопкерчиликти бийликтин конкреттүү институтуна —атап айтканда президентке жүктөө керек эле. Садыр Жапаровдун аракети анын кезектеги “штаттык” лидер эмес экенин көрсөтүп, ыкчам жана чечкиндүү чара көрүү зарылчылыгы чыккан.
Жалпыга белгилүү game changer деген түшүнүк бар. Ал оюндун эрежелерин же ишке болгон мамилени толугу менен өзгөрткөн адам дегенди билдирет. Бул принцип менен өлкө өзүнүн жаңы лидеринин жетегинде тикелей башкарууну камсыздоо жана мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу үчүн конституциялык реформага киришти.
Натыйжада президент аткаруу бийлигинин башына келди. Өкмөттүн аппараты жана президенттик аппарат бийликтин бирдиктүү борбордук органы болуп эсептелген президенттин администрациясына киргизилди.
Премьер-министр бир эле убакта президенттик аппараттын жетекчиси кызматын ээледи. Мамлекеттик башкаруунун бул моделин дүйнөлүк тажрыйбада уникалдуу деп атоого болот жана ал бир нече жылда өзүнүн толук жөндөмдүүлүгүн далилдеди.
Айрым мамлекеттик органдардын бири-бирин кайталаган функциялары жоюлуп, бир катар министрликтер бириктирилип, тартипке салынды.
Жыйынтыкта бардык өзгөрүүлөр бийликтин бүткүл бутактарынын так түзүлүшүнө алып келди. Аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдеги вертикалы так курулуп, масштабдуу ротация жана сот системасын реформалоо жүргүзүлдү.
Ошол эле учурда парламент өзүнүн нукура функцияларына – мыйзам чыгарууга жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө багытталды.
Кумтөр: Тарыхый акыйкатты калыбына келтирүү
Кумтөр Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жайгашкан дүйнөдөгү эң ири алтын кендердин бири.
“Кумтөр” алтын менен эле эмес, кенди ондогон жылдар бою башкарып, акырында өлкөнүн долбоордогу үлүшүн 30%га чейин азайтууга жетишкен чет элдик инвесторлордун карандай “тоноочулук” ишмердиги менен да элестелип калды.
Кыргызстан куру жалак эле эмес, эксплуатациялоо эрежелери жана техникалык нормалар сакталбагандыктан экологиялык оор мурас менен калды.

Кыргызстандын заманбап тарыхы Кумтөрдүн тегерегиндеги талаш-тартыштар менен коштолуп келген. Бул эбегейсиз алтын кени өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чоң ресурстарды бере алмак, бирок кыргызстандыктар долбоордон тийиштүү деңгээлде каражат алган жок.
Садыр Жапаров депутат кезинде эле кендеги болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар жана аны улутташтыруу зарылдыгы туурасында маселе козгоп, мындай позициясы үчүн саясий куугунтукка кабылган.
Жүзөгө ашыруу убактысы мамлекет башчы болуп шайлангандан кийин келди. Эксперттер белгилегендей, бир тарапта тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү, экинчи жагында эл аралык арбитраж коркунучу менен инвестициялык кооптуу республика атыгуу тобокелдиги турду.
Акыры, 2021-жылдын май айында Кыргызстан ишенимдүү кадамга барганын, кен толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүлө турганын жарыялады. Чет элдик компания менен татаал жана узак сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2022-жылы тараптар маданияттуу түрдө “ажырашуу процессин” жыйынтыктап, Кумтөр 100% Кыргызстандын көзөмөлүнө кайтарылды.
2021-2025-жылдар аралыгында Кумтөрдө болжол менен 70 тонна алтын өндүрүлгөн. Бир эле 2025-жылы компания 1,43 миллиард доллар кирешеден 706 миллион доллар таза киреше тапты.
Коррупцияга менен мурда болуп көрбөгөндөй күрөш
Кыргызстандын мурунку жетекчилеринин эч кимиси өлкөдөгү коррупция менен чындап күрөшө алган эмес. Паракорлукту жоюу өлкө башында турган ар бир лидердин урааны болгон. Бирок мындай аракеттер иш жүзүндө эч кандай олуттуу натыйжаларды бере берген жок.
Садыр Жапаров бийликке келгени коррупцияга каршы күрөш анын саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири болду.
Бул күрөштүн негизги аспектилеринин арасынан "кол тийбестер жок" деген принципти бөлүп карасак болот. Жапаров коррупцияга каршы күрөштө эч кимди, анын ичинен тууган-туушкандарын, досторун жана жогорку кызматтагы чиновниктерди аябай турганын бир нече жолу билдирген. Ал ар бир кыргызстандык үчүн коррупциялык иш-аракеттер үчүн жаза сөзсүз болорун кайталап белгилеген.

Адаттагыдай эле эң коррупциялашкан чөйрөлөр деп эсептелген фискалдык жана бажы органдарынын ишмердүүлүгүнө артыкча көңүл бурулган.
Жаңы автоматташтырылган чечимдерди киргизүүнүн жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун натыйжасында бажы жана салык жыйымдарынын көлөмү мурдагыдай эле салыктык чектер жана товар агымынын көлөмү менен дээрлик төрт эсеге өстү.
Мисалы, бажы жана салык органдары 2020-жылы 135,9 миллиард сомго жакын чогултса, 2025-жылы салыктык жыйымдар 391,8 миллиард сомду, ал эми бажы төлөмдөрү 157,4 миллиард сомду түздү (бул 2020-жылга салыштырмалуу алты эсе көп).
Бюджет толукталып, мамлекеттик өнүгүү программаларын ишке ашыруу жанданды. Бул коррупцияга каршы күрөштүн эң көрүнүктүү мисалдарынын бири гана.
Ошол эле принциптер – алдын алуу, процесстерди автоматташтыруу, коррупциялык тобокелдиктерге каршы айыгышкан күрөш башка тармактарга да жайылды.
Уюшкан кылмыштуулукту жок кылуу бизнеске дем берди
Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү Садыр Жапаровдун саясатынын дагы бир негизги багыты болуп калды.
Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуулуктун деңгээлин баалоо үчүн акыркы 30 жылда өлкөдө криминал күчөп, аймактардын, шаарлардын, райондордун, жада калса айылдардын деңгээлиндеги так иерархиялык системасы менен өзүн мамлекеттик түзүм сезип алганын белгилесек болот.
Ишкерлерден тынымсыз тартуу жыйналып, кээде талаш-тартыштарды мыйзам чегинде чечүүдөн үмүтүн үзгөн адамдар кылмышкерлерден жардам сурап кайрылган абалга жеткен. Кыргызстан уюшкан кылмыштуулукту толук жок кылууга жетишти жана бизнеске өнүгүү үчүн дем берди.
Өз ишин ак ниет жүргүзгөн ишкерлер мамлекет тарабынан толук коргоого жана колдоого ээ болушту.
Өлкөдө бизнести коргоо мамлекеттик жана укуктук деңгээлде мыйзамдык кепилдиктер ("Инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жөнүндө" мыйзам көзөмөлдөөчү органдардын кийлигишүүсүн чектейт жана жеке менчикти коргойт), административдик басымды азайтуу, негизсиз текшерүүлөрдү чектөө, көз карандысыз институттардын колдоосу аркылуу камсыз кылынат.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү
Акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга олуттуу басым жасалууда.
Мурда өкмөттүн же президенттин чечиминин долбоорун тариздөө бардык документтер мамлекеттик органдарга кол менен жетип, керектүү оңдоолор киргизилгиче бир нече жума өтүп кетчү. Азыр электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилип, бул процесс кыйла иретке келтирди.
Мисалы, министрлер кабинетинин токтомдору жана буйруктары же президенттин жарлыктары шашылыш болсо, макулдашуунун бардык баскычтарынан өтүү менен бир күндүн ичинде чыгарылат.
Кыргызстанда санариптештирүү электрондук башкарууну ишке ашыруу боюнча масштабдуу процесс. Ал мамлекеттик тейлөө системасына эле эмес, укук, билим берүү, транспорт жана башка тармактарга да таасирин тийгизди.
"Түндүк" порталы аркылуу кыргызстандыктарга 37ден ашык мамлекеттик органдардын 200гө жакын мамлекеттик кызматтары жана тейлөө жеткиликтүү.
Анын жардамы менен жарандар паспорт тариздетсе болот жана транспорт каражаттарын, кыймылсыз мүлктөрдү каттатып, ошондой эле толук юридикалык күчкө ээ болгон санариптик документтерди ала алышат. Санарип формат мамлекеттик башкаруу, документ жүгүртүү, каржы сектору, билим берүү, саламаттык сактоо жана тейлөө тармагында ишке ашырылган.

Дагы бир негизги кадам жарандардын интернеттеги укуктарын жана маалымат базалары менен иштөө эрежелерин камтыган “Санариптик кодекстин” кабыл алынышы болду. Ал технологияны колдонуунун нормаларын, анын ичинде жасалма интеллекттин иштөө эрежелерин жана киберкылмыштар үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия менен электрондук кол тамганы өз ара таануу демилгеси кызуу өнүгүүдө.
Экономиканын рекорддук өсүү ыргагы: ак илбирстин секириги
Кыргыз Республикасынын экономикасы акыркы эки-үч жылдан бери жыл сайын 10-11% ыргак менен өсүүдө. Абройлуу эл аралык эксперттер жана каржы институттары Кыргызстан чөлкөмдө гана эмес, дүйнөдө да экономикалык өсүү ыргагы боюнча лидер экенин белгилешүүдө.
Өлкө экономикасы 2025-жылы 11,1% рекорддук өсүштү көрсөтүп, номиналдык ИДП 1,9 триллион сомдон ашты. Экономикалык өсүштүн абсолюттук лидери курулуш тармагы, 2025-жылдын айрым мезгилинде тармактын көрсөткүчтөрү 142,5% жетип жатты.
Бул жогорулоону мамлекеттик ири капиталдык салымдар, масштабдуу долбоорлор (мисалы, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу) жана энергетикалык объектилердин курулушу менен түшүндүрсө болот.
Тейлөө тармагы (соода жана транспорт) экономиканын жарымынан көбүн (51,2%) ээледи. Бул мезгилдеги ички суроо-талаптын кескин кеңейиши бир эле чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн 1,2 триллион сомдон ашуусуна алып келди.

Өндүрүш сектору жана тоо-кен казуу тармагынын жардамы менен өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2025-жылы 9,8% га өскөн. Айыл чарбасы 2–2,5% деңгээлиндеги орточо реалдуу өсүштү көрсөттү. Дүң продукциянын көлөмү 437 миллиард сомдон ашты.
Ошол эле убакта экспорттун жалпы көлөмүндө кайра иштетилген айыл чарба продукциясынын үлүшү олуттуу өскөн (13,3%ке чейин).
2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,8 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 1,101 триллион сомго жетти.
Мурда өлкөнүн бюджети ар дайым таңсыктыкта болуп келсе, 2025-жылы Евразия өнүктүрүү банкынын эсептөөлөрүнө ылайык Кыргызстандын мамлекеттик бюджети ишенимдүү түрдө 2,5% ИДП профицити менен жабылып, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен мындай деңгээлдеги жападан жалгыз көрсөткүч болуп калды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын республикалык бюджети да 436,3 миллион сом профицит менен бекитилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башында бюджеттин кассалык профицити дээрлик 73 миллиард сомду түздү.
Дүйнөлүк банк өлкөнү бул көрсөткүч боюнча алдыңкы үч дүйнөлүк лидердин катарына кошуп, Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпин жогору баалады. Дал ушул себептен азыр Кыргызстанды күчтүү, кайраттуу жана жаңы глобалдык максаттарга жетүү үчүн даяр Борбор Азиянын жаңы ак илбирси деп ишенимдүү айтууга болот.
Бул жагынан алганда, өлкөнүн президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ак илбирс 2023-жылы Кыргызстандын улуттук символу катары таанылганы мыйзам ченемдүү.
Кыргыз эли үчүн илбирс салттуу түрдө күч-кубатты, кайраттуулукту, тектүүлүк менен эрдикти, ошондой эле улуттук табияттын кол тийбестигин жана баалуулугун билдирип турат.
XXI кылымдын жаңы Жибек жолу
Кыргызстан туюк өлкө болгондуктан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан транзиттен көз каранды.
Башкача айтканда, тышкы рынокко чыгуу үчүн коңшу өлкөлөрдү кыдыруу керек болот. Бул кээде кезек күтүү жана убакыттан олуттуу кечигүүлөр менен коштолуп турат.
Жүктөрдүн ыңгайлуу өтүүсүн камсыздоо үчүн Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча глобалдык долбоор ишке ашырылууда, аны “XXI кылымдын жаңы Жибек жолу” деп атаса болот.

Бул долбоор 20 жыл үстөлдө жатып, Садыр Жапаровдун бийликке келиши жана Кытай, Өзбекстандын лидерлери менен макулдашууга жетишүү аркылуу ойду ишке ашырууга киришүүгө мүмкүн болду.
Бул темир жол каттамы Кытайдан Борбор Азияга эң кыска коридор жана Азиядан Европага жана Жакынкы Чыгышка жаңы альтернативдүү каттам болот.

Жалпы узундугу 523 чакырымды түзгөн каттамдын 305 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт.
Долбоор транзиттик көз карандылыктан арылууга мүмкүндүк берип, өлкөдөн кыйла алыс рынокторго арзан жетүүнү камсыздайт. Кылымдын долбоору деп аталып, өлкө лидеринин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Жеткиликтүү ипотека жана эң ири ГЭСти куруу
Өлкөдө жеткиликтүү мамлекеттик ипотекалык турак жай долбоорлору кызуу ишке ашырылууда.
Садыр Жапаров эмгек миграциясында жүргөн мекендештердин кайтып келиши жана аларды арзан турак жай менен камсыз кылуу приоритеттүү милдеттердин бири экенин так айткан.

Бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстанда жеткиликтүү ипотекалык турак жайларды куруу боюнча масштабдуу кампания жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында жылдык 4% үстөк менен жеткиликтүү ипотекалык турак жайлар курулууда. Ошондой эле ар кандай категориядагы жарандар, анын ичинде баштапкы төлөмдү төлөй албагандар үчүн варианттар каралган.
Акыркы жылдары Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу миңдеген үй-бүлөлөр турак жай менен камсыз болуп, 70-80 миңден ашык ипотекалык батирлер курулуп жатат.

2025-жылы мамлекеттик ипотека аркылуу 4600 үй-бүлө батир алды, бул өткөн он жылдыкта турак жай менен камсыз болгон жарандардын жалпы санынын жарымын түздү.
Жалпы аянты 4 миллион чарчы метрден ашуун 70 миң ипотекалык батир курулуу баскычында. Ири турак жай комплекстери бардык аймактарда, анын ичинен ири долбоорлор Бишкек шаарында жана Чүй облусунда (Чүй облусунда 21 миңден ашык батир курулуп жатат) орун алган.
Кыргызстан суу ресурстарынын башында турат жана эбегейсиз зор гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Ошол эле убакта өлкө буга чейин иш жүзүндө өзүнүн гидроэнергетикасынын кубаттуулугунун 10% гана иштетип келген.
Президенттин демилгеси менен гидроэнергетикалык ресурстар кызуу пайдаланылып жатат. Өлкө боюнча чакан жана орто гидроэлектрстанцияларды ишке киргизүү боюнча иштер башталды.
2021-2025-жылдар аралыгында республикада 27 чакан гидроэлектрстанция ишке киргизилген. 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81 МВтка жакын 13 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландаштырылууда.
Жалпысынан быйылкы жылдын өкмөттүк пландарында 17 жаңы чакан гидроэлектрстанция куруу каралган.
Объекттер өлкө боюнча, анын ичинде Чүй жана Ысык-Көл облустарында курулууда. Кубаттуулугу 100 МВт болгон орто Куланак ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле Сары-Жаз каскадын курууга даярдыктар көрүлүүдө.
Эң ири гидроэлектрстанция болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун өзгөчө белгилей кетүү керек. Кыргызстандын Нарын дарыясында курулуп жаткан бул гидроэлектрстанция Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан. Ал Нарын-Сырдарыя ГЭСтер каскадына кирип, анын жогорку тепкичи болуп эсептелинет жана Камбарата-2 ГЭСинен 14 чакырым жогору жайгашкан.
Бул масштабдуу көп миллиарддык таза энергияны трансформациялоо долбоору энергетикалык коопсуздукту, гидроэнергетикалык потенциалды жогорулатууга, аймактык кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргыз Республикасы менен бүткүл Борбор Азиянын таза энергияга өтүүсүн тездетүүгө багытталган.
Өлкөнүн өнөр жай тармагы да кызуу өнүгүп жатат. Жыл сайын 100гө жакын жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилүүдө. Соңку ийгиликтүү мисалдар: “Евразия Метал Груп”, “Sun Planet Organic”, “Кыргыз Унаа Курулуш”, “Асылташ Керамик”, “Стандарт Фарм Групп” жана башкалар.
Ошондой эле акыркы жылдары пенсиялар жана бюджеттик тармактын кызматкерлеринин бардык категорияларынын, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, медициналык кызматкерлердин, мамлекеттик кызматчылардын маянасы олуттуу жогорулаганын белгилеп кетүү керек.
2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандын бюджеттик кызматкерлеринин айлык акысы президенттин белгиленген компенсациялык төлөмдөрүн киргизүүнүн эсебинен орточо 100% жогорулады. Бул кошумча төлөмдү эске алганда, мисалы, өлкөдө жаш мугалимдин айлыгы 52 миң сомго, дарыгердики 62 миң 500 сомго жетти.
Туризм жана "Борбор Азиянын Куршевели"
Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда масштабдуу туристтик долбоор ишке ашырылууда. "Ала-Тоо Резорт" ("Үч чоку") долбоору "Борбор Азиянын жаңы Куршевели" деп аталууга умтулган тоо лыжа курорту.
Бул масштабдуу туристтик долбоор үч тоо кыркасын – Жыргалаңды (биринчи баскыч), Ак-Булакты (экинчи) жана Боз-Учукту (үчүнчү) камтыйт жана жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алууга ылайыкталган. Лыжа трассаларынын жалпы узундугу 250 чакырымды түзөт.

"Ала-Тоо Резорт" Борбор Азиядагы эң ири туристтик обьектке айланары күтүлүүдө. Анда үч, төрт жана беш жылдыздуу мейманканалар, VIP-коттедждер, этнотаунхаустар, ошондой эле ресторандар, кафелер жана спа-комплекстер курулат.
Учурда австриялык Doppelmayr компаниясы менен келишимдин негизинде Жыргалаңда (курулуштун биринчи баскычы) асма жол курулуп жатат. Ал эки тилкеден турат: биринчиси, 12 түркүгү жана эки станциясы менен 1,73 чакырым, экинчиси, 14 түркүгү жана эки станциясы менен 2,25 чакырымдык тилке.
Садыр Жапаровдун айтымында, курорттун биринчи кезеги (Жыргалаң) 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында толук ишке берилет. Экинчи кезекти (Ак-Булак) 2027-жылы, үчүнчүсүн (Боз-Учук) 2028-жылы бүтүрүү пландалууда.

Андан соң бардык трассалар бириктирилип, "Ала-Тоо Резорт" толук кубаттуулукта иштей баштайт.
Долбоордун жетекчилигинин айтымында, Кыргызстандын жаңы туристтик бермети Кытайдан, Европадан, Россиядан, Казакстандан жана башка жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келген туристтер арасында суроо-талапка ээ болот.
Чакан экономикасы бар өлкөдөн глобалдык деңгээлге карай
Мындан беш жыл мурун эле Кыргызстан дүйнөлүк аренада өзүн ишенимдүү көрсөтөрүн элестетүү кыйын болчу.
Бүгүнкү күндө өлкө 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө негизги талапкерлердин бири болуп саналат.
Өлкөнүн негизги регионалдык атаандашы болгон Филиппиндер буга чейин аталган органга төрт жолу шайланган. Достук мамиледеги Беларусь КМШда биринчилерден болуп Кыргызстандын талапкерлигин ачык колдоду.

Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн лидерлерге жасаган соңку кайрылуусунда глобалдык маселелерге токтолуп, аскердик жаңжалдарга бөлүнгөн каражаттар планетаны жашылдандырууга жана алыскы өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга жумшалса болмоктугун өзгөчө белгиледи.
Ал Кыргызстан блоктук милдеттенмелер менен байланышпагандыгын жана карама-каршы геосаясий конфигурацияларга тартылбагандыгын дагы бир жолу эскертип, бул жагдай өлкөгө БУУнун Коопсуздук кеңешинде поляризацияны кыскартууга жана диалогду калыбына келтирүүгө багытталган тең салмактуу жана көз карандысыз позицияны ээлөөгө мүмкүндүк берерин белгилеген.
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болгон эместигине, ал эми өлкөнүн атаандашы болгон Филиппиндер буга чейин аталган органдын курамына төрт жолу шайланганына өзгөчө басым жасалды.
Өзүнүн географиялык өкүлчүлүгүнө таянуу менен Кыргызстандын толук укугу бар жана БУУнун Коопсуздук кеңеши сыяктуу эл аралык абройлуу органда чакан мамлекеттердин татыктуу өкүлү катары иш алып барат деп ишенебиз.
Салмактуу тышкы саясат: аймактык ролду күчөтүү
Эгемендүүлүктүн 30 жылдан ашык тарыхында Кыргызстан чет жана коңшу мамлекеттер менен ар кандай мамилелерди башынан кечирди.
Терең интеграциядан экономикалык кызматташтыктагы татаал эпизоддорго чейин жакындашуу жана чыңалуу учурлары болду.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына негизделген конструктивдүү диалогду түзүү менен тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүүдө.
Коңшулар менен мамлекеттик чек ара тилкелерин макулдашуу процессинин аякташындагы Садыр Жапаровдун өлкө лидери катары ролун өзүнчө блок менен белгилей кетүү керек.
Оор жана узак сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын тактоо иштерин аяктады. Бул чаранын маанисин эскертүүнүн калети жок, анткени чек арасы толук такталбаган өлкө толук көз карандысыз деп эсептелбейт.
Алгачкы жылдары бул көйгөйлөрдүн кесепетинен бир катар жаңжалдуу кырдаалдар чыгып келген. Садыр Жапаров кыргыз тарыхында заманбап Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын тактоо ишин аяктаган президент катары калаары талашсыз.
Беларусь менен мамилелер
Беларусь менен кызматташууда олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Өлкөлөр айыл чарба жана өнөр жай тармагында кызуу кызматташууда.
Акыркы үч жылда өз ара аракеттин натыйжасында Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик эки эсеге өстү: 2023-жылы 117 млн долларды түзсө, 2025-жылы 207 млн долларга жетти, деп маалымдайт Кыргызстандын Статистика комитети.
Көптөгөн интеграциялык бирикмелерде жана эл аралык уюмдарда өнөктөш өлкөлөр катары бири-бирибиздин ийгиликтерибизге кубанбай коё албайбыз.
Күчтүү өнөктөш аймактык, мисалы, КМШ жана ЕАЭБдин маанилүү эл аралык түзүм катары дүйнөлүк аренадагы ролун бекемдейт.

Ошондуктан, ылдам өзгөрүп жаткан маалда Кыргызстан менен Беларусь жалпы маданият жана тарых менен бириккен өлкөлөр катары өз ара кызыкчылык багыттар боюнча кызматташуусун мындан ары да кеңейтүүгө тийиш.