Эскертүү жана даярдык: Айттырбай келген кырсыктарга даяр туруунун зарылдыгы

Аналитика Загрузка... 13 Июль 2026 15:05
fca7aeb5-ee6f-4a3f-8477-39a3c9c861ec.png

Жаратылыш кырсыктары жана катаклизмдер боюнча кооптонуулар дүйнөлүк жаңылыктардын башкы күн тартибине чыкты. Кытайдагы бороон-чапкын миллиондогон адамдын өмүрүнө коркунуч келтирип жатат. Франция ашкере ысыктан улам эки атомдук станциясынын ядердик реакторлорун убактылуу жапты. Ал эми жайында жамгыр көрбөгөн Тбилисини суу каптаган. Бул арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кийинки жер титирөөлөргө алдын ала даярдануу зарылдыгы боюнча билдирүү таратты. Уюмдун эксперттери кесепеттер менен күрөшүүгө караганда ага даяр туруу маанилүү экенин айтышат.

Дүйнөлүк метеорология уюму менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөлөрдү эрте эскертүү системаларын жана калкты коргоо чараларын кеңейтүүгө чакырышууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы жарыялаган билдирүүсүндө жер титирөөлөр боюнча кооптуу аймактардын катарына Түркия, Түштүк Кавказ менен катар Фергана өрөөнү да кирерин эскертти. Бул өрөөндө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 11 миллионго чукул калкы жыш отурукташканы маалым.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 14.56.04

БУУнун баамында, сейсмикалык коопсуздук талаптары менен курулган ооруканалар жана эски имараттарды реконструкциялоо 1-4%га кымбат болгон менен алардын жер титирөөдөн кийин да кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү кыйла жогору болот. Медициналык инфраструктураны чыңдоодон тышкары, эксперттер тез зарыл жардам бригадаларын дайыма даярдыкта кармоону, машыгууларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, эл аралык координацияны жакшыртууну, улгайгандар, майыптар кирген калктын аялуу катмарын коргоого өзгөчө көңүл бурууну сунушташат.

“Акыркы ири жер титирөөлөрдүн негизги сабагы — кийинки кырсык боло электе даярдык көрүү зарылдыгы”, — деп жазылат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүндө.

Дүйнө жүзүндө акыркы бир айда 43 миңге жакын жер титирөө болгон. Анын экөө 7 баллдан жогору жана алардын жарымына жакынынын күчү 2-3 баллдан өйдө. Эң жогорку көрсөткүч Венесуэлага таандык. Кубаттуулугу 7,2 жана 7,5 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны төрт жарым миңге чукулдады. Миңдеген адам үй-жайсыз калды.

347829354766006

Климатологдор аба ырайы дүйнөнүн көптөгөн аймактарында барган сайын карама-каршы болуп жатканын белгилешет. Катуу ысык нөшөр жаанга жана суу ташкындарына айланып кетүүдө. Деңиз бетинин 21°C рекорддук глобалдык температурасы 2026-жылдын жай айларын рекорддук деңгээлде ысытты. Окумуштуулар ысыктын чыныгы таасири мындан да катуу болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

image.png

Ысыктан Европа тарап көбүрөк жапа чегүүдө. Германияда аптаптуу күндөр жылына 2600–8400 кишинин өмүрүн алып кетсе, 2026-жылдагы июндун бир эле жумасында 4300 адам өлгөн. Июндун бардык курмандыктары 5 миңден ашат. Ысыктан бир нече континенттин токойлорун масштабдуу өрт каптады. Франция бийлиги элге ысыкка жогорку деңгээлде даяр туруусу зарылдыгын жарыялады. Бул өлкө ашкере ысыктан улам эки атомдук станциянын ядердик реакторлорун убактылуу жапты. Анткени сууну жана дарыяларды коргоо зарылдыгы чыкты.

1782294503__ena_0e5e8b10ba1e14984ef97b3fe_o

Ал эми Грузияда жай айлары күздү элестетип жатат. Жайында жамгыр көрбөгөн Тбилисиде катуу жаан жаап, жолдорду, аэропортторду суу каптаган. Кытайдагы бороон-чапкын кыйраткыч жамгыр менен коштолуп, миллиондогон адамга коркунуч жаратууда. Өлкөнүн түштүгүн каптаган суу жылан фермасына жетип, арасында уулуу кобралар бар 900 жылан агып кеткен. Тайванда 1987-жылдан бери жүрө элек тайфун жүрүп, кеңселер жана мектептер жабылды. Бангладеште нөшөр жаандан улам жер көчкү жүрүп, адам өмүрлөрүн алып кетти. АКШнын айрым штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

api_6a529cf0c41ca
“Американын түштүк-чыгышындагы Миссури штатында метеорологдор 1000 жылда бир жолу боло турган нөшөр жамгырдан кийин ондогон адамдар куткарылды”, — деп билдирди CNN.

Климаттын өзгөрүшү биздин Борбор Азияны аялуу аймак катары көрсөттү. Маалыматтарга караганда, аймактагы жылуулуктун ылдамдыгы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп. Мындан улам сел, суу ташкындары тез-тез каттала баштады. Бир эле Кыргызстанда 2026-жылдын жарым жылында 240тан ашуун сел катталды. Бул өткөн жылдагыдан 2 эсе жогору. Биздин тоолор эбегейсиз аска-зоолору менен кебелбестей көрүнгөнү менен климаттын жылуулугу алдында назик экенин көрсөттү. Мөңгүлөр эрип, экосистемага доо кетүүдө. Бул арада Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу региондорго буруу аракеттери БУУнун деңгээлинде жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 14.16.09

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2024-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясындагы сөзүндө жылына согуштарга, куралданууга кетип жаткан 2,5 триллион доллар рекорддук сумманы планетанын жашоосун бекемдөөчү иштерге жумшоо зарылдыгын белгилеген.

“Биз согушка, кыйроого жана киши өлтүрүүгө кетип жаткан акчаларды жаратмандыкка же бүткүл адамзат үчүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө, глобалдык миграцияны алдын алууга жардам берүү үчүн колдонсок жакшы болмок”, — деп билдирген президент Садыр Жапаров.

Көп өтпөй 2026-жылы Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Мында да президент Садыр Жапаров эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоодо дүйнөлүк климаттык өзгөрүүлөр эске алынарын билдирген.

“Глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз”, — деди Садыр Жапаров.

Ансыз да өзгөрүп жаткан климаттык кырдаалга адамзаттын жоопкерчилигин эколог Гамал Сооронкулов да белгиледи. Ал табигый кырсыктарга акчалуу, өнүккөн мамлекеттер да туруштук бере албай жатканынын себептерин атады.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 14.19.57
“Биз, адамзат илгертен бери экологияга өзүбүздүн терс салымыбызды кошуп келе жатабыз. Антропогендик басым деп коёт, табиятка болгон антропогендик жүк оорлоп кетти. Өндүрүш, уулуу газдарга байланышкан иштер ашкере жүргүзүлдү. Өзгөчө өнүккөн, Батыштагы өлкөлөр капитал топтойбуз деп көп убакытка чейин экологияга көз жумуп келишти. Табиятка, жер кыртышына, абага, сууга терс мамилелер аша чапты. Натыйжада, ушунчалык бай, алдыңкы мамлекеттер табияттын өзгөрүшүнө туруштук бере албай калды. Анткени убагында алдырып коюшкан. Азыр эл аралык деңгээлде колдон келишинче аракеттер көрүлүүдө. Эл аралык фонддордон чоң акчалар бөлүнүп жатат. Канчалаган талкуулар өтүп, чечимдер кабыл алынууда. Кеп каражаттарды максаттуу жана туура пайдаланууда. Ошондой долбоорлорго катышкан адамдар катары айтсам, аларды ишке ашырууда тездик жок. Мисалы, мен маралдарды көчүрүү боюнча долбоорго 7 жыл дегенде араң уруксат алдым. Коңшу кытайлардын жерди сактоо боюнча аракеттери жакшы. Геопарктарды коргоо боюнча коңшулар дүйнөнүн алдында бара жатышат. Демек, алар жерлерин да сактоодо. Мында коомчулуктун, жергиликтүү жашоочулардын да көңүлүн буруп, жообкерчилигин арттыруу зарыл”, — деди эколог Гамал Сооронкулов.

Эколог ири көлөмдөгү каражаттар максаттуу колдонулбай калган учурлар болгонун айтат. Болбосо, каражат табигый кырсыктардын алдын алуу, даяр болуу жана жаңы климатка ылайыкташып өнүгүүдө маанилүү фактор. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Азербайжанда өткөн Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференцияда (2024-ж.) калктын аялуу бөлүгүнүн көбү экстремалдык климаттык кубулуштар менен бетме-бет келгенде коргоосуз калып жатканына токтолгон. Гутерриш 2030-жылга карата адаптацияга болгон муктаждык менен каржылоонун ортосундагы ажырым жылына 359 миллиард долларга жетиши мүмкүндүгүн айткан.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 14.21.56
“Жетпей жаткан миллиарддар баланстагы жөн гана сандар эмес, бул — талкаланган тагдырлар, түшүмдүн жана өнүгүүнүн кечеңдеши”, — деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.