Кыргызстанда ачык-айкындуулук саясатына негизделген мамлекеттик башкаруунун жаңы стандарттары киргизилүүдө. Президент Садыр Жапаров аймактарда эл менен жакындан пикир алышып, көйгөйлөрдү жеринде чечүү принцибин киргизип жатат. Ошол эле убакта чиновниктерге бюрократиядан, супсак отчеттон баш тартып, карапайым элге түшүнүктүү тилде кызмат көрсөтүү талабы коюлууда. Өкмөт мүчөлөрү арасында эки ай мурун жарыяланган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоору жыйынтыкталды. Ал өлкөнүн саясий айдыңында кызыгууну жаратып, мамлекеттик аппараттын ишмердигиндеги айрым жагдайлар белгилүү болду. Серепчилер долбоор эффективдүү болуусу үчүн убактылуу акциядан мамлекеттик саясаттын реалдуу жана туруктуу стандартына айланышы шарт экенин белгилешүүдө.
Буга чейин мамлекеттик башкаруу бюрократ аткаминерлер, коррупция, куру убадалар, менменсиген үстөмдүк, баш-аягы жок иштер менен коштолуп келгени маалым. Министрлер аткаруучу кызмат эмес, саясат менен алектенип калган учурлар да болгон. Натыйжада чиновниктердин кадыр-баркы кетип, элдин ишениминен чыгышкан.
Учурдагы бийлик мамлекеттик кызматты коррупционерлерден жана бюрократиядан арылтуу аракетин улантууда. Мамлекеттик мекемелер арасындагы кат алмашуу, кол тамга санариптешип жатат. Жыл сайын “Элдик курултай” өткөрүлүп, аймактардан келген делегаттар министрлерге түз кайрылуу мүмкүнчүлүгүн алышууда. Өлкө башчысы Садыр Жапаров аймактарды кыдырып эл менен бетме-бет сүйлөшүп, аймактардагы чиновниктердин иштериндеги кемчиликтер оркоюп көрүнүп калууда. Эл менен жакындан баарлашып, көйгөйдү жеринен чечүү боюнча үлгү көргөзүп келет.
Өзгөрүү кезеги эми министрлер кабинетинде. Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, учурдагы өкмөттүн курамы президенттин жетекчилиги менен Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй транзиттик, логистикалык, энергетикалык жана инфраструктуралык ири долбоорлорду ишке ашырууда. Тышкы саясатта ийгиликтерди жаратып, билим берүүдө өзгөчөлүктөрдү киргизе алышты. Ошол эле учурда аткарылып жаткан иштердин ачык-айкындыгы, бюрократиялык тосмолор, кургак отчеттордун ордуна элге жакын, чынчыл мамиле талап кылынууда.
Президенттин тапшырмасы менен эки ай мурун министрлер кабинетинде “Ачык кабинет: жоопкерчилик” аймагы долбоору жарыяланган. Анын максаты – бийликтин толук ачык-айкындуулугун камсыздоо, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана эл менен түз, чынчыл мамилеге жетишүү. Коом чечимдердин кандай кабыл алынып жатканын, министрлердин кандай иштеп жатканын жана жер-жерлерде кандай жоопкерчиликти алып жатканын көрүшү керек.
Аталган долбоор Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу тарыхында мурда болуп көрбөгөн формат десе болот. Буга чейин бир да өкмөт жетекчиси же министр өзүнүн бүтүндөй жумушчу күнүн, жабык жыйындарын жана чечим кабыл алуу учурларын коомчулукка мынчалык ачык көрсөткөн эмес. Айрым билдирүүлөрү коомдо резонанс жаратып, жаңылыктардын башына чыкты.
- Чиновниктердин ишмердиги, реалдуу иш процесси ачык көрсөтүлдү,
- Курч, актуалдуу суроолорго жооп беришти. Бул долбоор министрлердин өзү башкарган тармактын ишин, маселенин чоо-жайын канчалык деңгээлде терең билерин көрсөттү. Министрлердин аткаруучу тартиби, жоопкерчилик деңгээли көрүндү.
- Элдин маалымдуулугу жогорулады. Министрлер эмне иш кылып жаткандарын, милдеттерин, жүргүзүлүп жаткан реформалар туурасында кенен айтып беришти,
- Айрым көйгөйлөр түз эфирде же жеринде бир нече мүнөттө чечилип жатты. Демек, бул долбоор маселени создуктурбай ыкчам чечүүгө мажбур кыла турган курал болду.
- Коомдук көзөмөлдүн бир форматы катары өзүн көрсөттү. Качан гана аткаминер өзүнүн ар бир кадамы, берген убадасы жана кабыл алган чечими коомдун толук көзөмөлүндө экенин сезгенде, ал жеке жоопкерчилигин сезип, чечимди создуктуруудан чочулай баштайт.
- Буга чейин мамлекеттик жогорку кызматта же саясатта болбогон ысымы жаңы министрлер менен коомчулук жакындан тааныша алды. Алар эл сынына коюлуп, атургай үй-бүлө, жеке дүйнөсүнө чейин айтып беришти.
- Мамкызматка ишенимди калыбына келтирүүгө өбөлгө түздү. Айрым министрлер тың чыкма лидер экенин көрсөтүүгө үлгүрүп, элде кызыгууну жаратышты.
Жалпысынан бул демилге чиновниктердин реалдуу потенциалын текшерген олуттуу сыноо аянты катары кызмат кылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин “Ачык кабинет” боюнча чыгарган жыйынтыгы бүткүл система, бүткүл мамлекеттик аппаратка белги дагы, эскертүү дагы болду. Ал кемчиликтерди сынга алып, жетишкендиктерди атап өттү.
Төрага жетекчилер элге сый мамиле кылып, кызмат көрсөтүүчү катары кабылдануусу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле айрым өкмөт мүчөлөрү элдин тилинде сүйлөй албагандыгы белгилүү болду. Жетекчилердин билдирүүлөрү популисттик эмес, жоопкерчиликтүү жана салмактуу, кесипкөй болуусу керек. Эмоцияга алдыруу мамлекеттик кызматтын стандарттарына туура келбейт.
“Жарандардын ишеними ачык-айкындуулук, кесипкөйлүк жана сый мамиле аркылуу калыптанат. Ар бир мамлекеттик кызматкер ушундай принциптерди жетекчиликке алышы керек”, - министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев долбоордун мыктылары катары финансы, илим, билим берүү жана инновациялар, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо министрлери жана төраганын биринчи орун басарын атады. Кайсы министрдин даярдыгы начар экени айтылбаса да, мыктыларды бөлүп көрсөтүү артта калган жетекчилерге берилген эскертүү жана мотивация десе болот.
Азыркы санарип доордо мамлекеттик кызматкерлер үчүн ишти аткаруу эле жетишсиз. Коом алардын эмне жасап жатканын да көрүп турушу керек. Саясат таануучу, профессор Алмазбек Акматалиев өкмөттүн ачыктыгын, коомдук көзөмөлдү жакшыртуу, жарандардын үнүн угуу үчүн санарип платформаларды өнүктүрүү сунушун берди.
“Азыр заман башка. Өзүңдүн ишиңди көрсөтүп турбасаң коомчулукта “иштебей жатат” деген пикир калууда. Ошондуктан бул долбоорду ишти аткаруу менен бирге көрсөтүп туруу үчүн тийиштүү системаны табуу аракеттеринин бири деп эсептеймин. Анын үстүнө өкмөт ачык жана элдин көзөмөлүндө болуусу керек деген жалпы тренд кетип жатат. Бул жаман эмес. Айрым кемчиликтерди эске албаганда бара-бара оңолуп кетет деген ишеничтемин. Мындай жараянды мен колдойт элем. Өкмөт ар дайым коомдун, медианын, соцтармактын көзмөлүндө турат деген саясий философия үстөмдүк кылып турушу керек.
Азыр өкмөт соцтармак, интернет заманында кааласа да эч нерсени жашыра албайт. Андан көрө ошол процессти башкарышы керек. Айтпай коём, көрсөтпөй коём деген заман бүткөн. Анын үстүнө президент соцтармакка жарыяланган кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүп, карагыла, көңүл бургула деген принципти карманып жатканда, министрлер да ошого ыктап калышты.
Балким долбоордун таасирин күчөтүү үчүн форматын бираз өзгөртсө болот. Мисалы, учурда “Түндүк” аркылуу президентке кайрылуу мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Бишкектин мэри да “Менин шаарым” дегенди киргизип жатат. Мында атайын санарип портал ачса болчудай. Сөзсүз эле журналист барып, суроого жооп алышы керекпи? Андан көрө кандайдыр бир санарип портал ачып, кайсы гана министрлик болбосун алардын ишмердигинин сапаты, көйгөйдү чечүү жөндөмү сымал иштер туурасында айтылышы керек деп ойлойм”, - деди саясат таануучу, профессор Алмазбек Акматалиев.
Чындыгында “Ачык кабинет” бир күндүк акция бойдон калбай, туруктуу жана терең мазмундагы долбоор болуусу маанилүү. Анын экинчи баскычы сентябрда башталат. Кийинки сыноо кезеги мамлекеттик кызматтар жана агенттиктер, фонддор, көзөмөл жүргүзүүчү инспекцияларда. Эгер бул долбоор туруктуу мамлекеттик саясаттын стандартына айланса, Кыргызстандагы аткаминерлердин жоопкерчилик маданиятын жаңы деңгээлге көтөрөт.