Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Самарканд шаарында өткөн Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) VIII Ассамблеясынын пленардык жыйынына катышты.
Ведомстводон билдиришкендей, министр өз сөзүндө климаттык кризистин алдын алууда ГЭФтин түзүмүндө атайын максаттуу "тоолуу өлкөлөр үчүн терезе" механизмин түзүү демилгесин көтөрдү. Бул тоолуу мамлекеттердин гранттык каржылоого жана заманбап технологияларга жетүүсүн жеңилдетет.

"Биздин тоо экосистемаларыбыз климаттык кризистин соккусун биринчилерден болуп кабыл алууда. Ошондуктан Тянь-Шань тоолорун сактоо – бүткүл аймактын коопсуздугу үчүн маанилүү маселе", – деди Токтобаев.
Ошондой эле ал өлкөдөгү экологиялык реформаларга, "Жашыл Мурас" өнөктүгүнө токтолуп, эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.