Beeline´дын чексиз интернети: Жаңы тариф айына болгону 330 сом

Бизнес Загрузка... 29 Май 2026 13:09
2560х1440_новый_безлимит_кр.png
copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Гигабайт калдыктарын текшерүүдөн тажадыңызбы? Анда сизге ашыкча чыгымдарсыз чексиз интернет керек. Жаңы Beeline SIM-картасын сатып алганда, "Чексиз 500 Pro Max" тарифин атайын баада — 30 күнгө болгону 330 сомго кошсоңуз болот.

Азыркы жашоону мобилдик интернетсиз элестетүү кыйын. Ал соцтармактан керектүү маалыматты тез табуу, билдирүүгө жооп берүү, жакындарыңыз менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүү, Wi-Fi таратуу же жөн эле бош убактыңызда лентаны көрүү үчүн зарыл. Чектөө канчалык аз болсо, кадимки онлайн ыргакта жашоо ошончолук ыңгайлуу болот.

Beeline улуттук мобилдик оператору чексиз интернетти дагы да жеткиликтүү кылды. "Чексиз 500 Pro Max" тарифи менен сиз ар дайым онлайн болуп, пландарыңызды гигабайт топтомуна ылайыкташтырбайсыз.

Тарифке төмөнкүлөр кирет:

  • жогорку ылдамдыктагы чексиз интернет;
  • башка түзмөктөргө— ноутбукка, планшетке же башка смартфонго чексиз Wi-Fi таратуу;
  • Beeline тармагынын ичинде чексиз чалуулар жана SMS;
  • MEGA номерлерине чалуулар үчүн 100 мүнөт жана О! номерлерине чалуулар үчүн 50 мүнөт;
  • Жаңыланган "Укмуш ТВ" колдонмосунда 50 популярдуу ТВ-канал.

Арзандатылган тарифти Beeline кеңселеринен жаңы SIM-карта сатып алууда, компаниянын промоутерлеринен, ошондой эле "Мой Beeline" тиркемесинде eSIMди активдештирүүдө кошууга болот. Акция 2026-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү.
Чексиз интернеттин ылдамдыгы трафикти адилеттүү пайдалануу саясаты (FUP) менен жөнгө салынат.

"MEGAга 100 мүнөт жана О!го 50 мүнөт" акциясы бардык абоненттер үчүн 2026-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу (кошо алганда).

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.