Кыргызстан менен Кытайдын туристтик дарамети толук ачыла элек – Эдуард Кубатов

Туризм Загрузка... 27 Май 2026 17:38
IMG_3446.png

Бишкек, 27.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Кыргызстан менен Кытайдын туристтик кызматташтыгын өнүктүрүү перспективалары тууралуу айтып, альпинизм, аба каттамдарын кеңейтүү жана туристтик агымдардын потенциалына токтолду.

Анын айтымында, Кытайда альпинизм тездик менен өнүгүп жатат, анын ичинде аялдар спорту да өсүүдө. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Кытайдын бул тармактагы кызматташтыгы жогорку деңгээлде калыптанган.

”Азыр Кытайдын альпинизми абдан ылдам өнүгүп жатат. Эркектер арасында гана эмес, аялдар арасында да күчтүү спортчулар, альпинисттер чыгууда. Бизде байланыштын деңгээли абдан жакшы. Альпинизм тармагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда тыгыз ишкердик жана спорттук байланыштар бар. Менимче, дал ушул альпинизм аркылуу спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык, достук жана коммуникация тажрыйбасын баары өздөштүрүшү керек. Евразиянын борбору тууралуу сөз кылганда эң бийик тоо системалары дал ушул аймакта топтолгон — Тянь-Шань, Памир, Куньлунь, Тибет, Гималай, Каракорум жана Гиндукуш. Ошондуктан тоо туризми, альпинизм жана жалпы туризм үчүн эң чоң мүмкүнчүлүктөр ушул жерде”, — деди ал.
IMG_3445.png

Ал өзүнчө туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, айрыкча эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү маселесине токтолду.

”Жаңы аба каттамдарынын ачылышы туризмди өнүктүрүүнүн негизги фактору. Биздин баамыбызда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чыныгы туристтик потенциал күнүнө кеминде 10 каттам. Бирок азыр тилекке каршы, жумасына 10–12 гана каттам бар. 17-июлдан тарта дүйнөлүк ири авиакомпания Air China кошулуп, жумасына үч жолу уча баштайт. Бишкек–Пекин түз аба каттамы туризмдин өнүгүшүнө чоң түрткү берет”, — деп белгиледи Кубатов.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туристтик алмашууларды өнүктүрүү маселесине токтолду.

”Экинчи маселе, виза маселеси. Биз Кытайдан Кыргызстанга, жалпы Борбор Азияга келген туристтер үчүн шарттарды жеңилдетүү багытында иштешибиз керек. Ошол эле учурда биздин жарандар дагы Кытайга барууга мүмкүнчүлүк алышы зарыл. Туризм эки тараптуу кыймыл. Эгер биздин жарандар дүйнө жүзү боюнча саякаттабаса, биз көп туристти тарта албайбыз. Туристтерди кабыл алуу үчүн өзүбүз дагы ачык болушубуз керек”, — деди ал.

Перспективалар тууралуу сөз кылган Кубатов Кытай тараптан кызыгуу жогору экенин жана Кыргызстандын аймактык деңгээлдеги туристтик жагымдуулугу өсүп жатканын белгиледи.

”Мүмкүнчүлүктөр абдан чоң. Менин оюмча, Кыргызстан Кытай үчүн абдан кызыктуу өлкө. Кытай экономикасы тездик менен өнүгүп, орто катмар дүйнөлүк туризмдин негизги кыймылдаткыч күчүнө айланды. Ошондуктан биз кытайлык туристтерди күтөбүз жана ар дайым кызыктуу багыт болуп кала беребиз. Ошол эле учурда Кыргызстан Борбор Азиянын алкагында туристтик багыт катары дайыма кызыгууну жаратат. Азыр дүйнөдө “бир сапар — үч өлкө” форматы өнүгүп жатат. Бул жагынан Борбор Азия эң кызыктуу багыттардын бири”, — деп айтты ал.

Кубатов ошондой эле Кыргызстандын туристтик секторунун түзүмүнө токтолуп, негизги орунду жаратылыш жана тоо туризми ээлей турганын белгиледи.

  • ”Кыргызстандын туризм тармагын карасак, анын 60 пайызы тоолор менен байланыштуу: лыжа спорту, треккинг, жөө жүрүштөр, ат турлары жана альпинизм. Ал эми 40 пайызы Ысык-Көлгө тиешелүү: рекреациялык, пляждык жана спорттук туризм. Ошондуктан Кытай үчүн Кыргызстанда кызыктуу багыттар көп — Бишкек шаары, маданий туризм, тарыхый жайлар жана, албетте, тоолор. Жалпысынан дүйнө туристтерин биздин кайталангыс, тунук жаратылышыбыз — тоолор, көлдөр жана дарыялар өзүнө тартат”, — деп жыйынтыктады Кубатов.