Бүгүнкү күндө туризм бир гана кооз жаратылышты же тарыхый жайларды көрүү менен чектелбейт. Дүйнө жүзүндө саякатчылар барган өлкөсүнүн маданиятын, салтын жана жашоо образын таанып-билүүгө кызыгышат. Ал эми улуттук ашкана ошол маданиятты таанытуунун эң таасирдүү жолдорунун бири болуп саналат.
Тамак-аш аркылуу туристтер элдин тарыхын, каада-салтын жана өзгөчөлүгүн сезе алышат. Ошондуктан көптөгөн өлкөлөр улуттук тамактарын дүйнөлүк брендге айландырып, аны туризмди өнүктүрүүчү негизги багыттардын бири катары колдонуп келишет.
Дүйнөдө улуттук тамактар кантип брендге айланды?
Көптөгөн мамлекеттер өздөрүнүн улуттук тамактарын дүйнөгө таанытуу аркылуу туристтердин кызыгуусун арттыра алышты.
Мисалы, Италия десе көпчүлүктүн эсине дароо пицца жана паста түшөт. Бул тамактар өлкөнүн маданий белгисине айланып, Италияга келген туристтер сөзсүз аларды татып көрүүгө ашыккан азыктардын катарына кирет.

Япония өзүнүн сушиси, рамен жана башка улуттук тамактары аркылуу дүйнөлүк гастрономиялык бренд түзө алды. Япон ашканасы жөн гана тамак эмес, бул өлкөнүн философиясын, тазалыкка жана сапатка болгон мамилесин көрсөтүүчү маданий мурас болуп калды.
Түркия да дөнөр-кебаб, баклава, түрк кофеси сыяктуу азыктарын туристтик бренд катары ийгиликтүү жайылтып келет. Ал эми Өзбекстанда палоо улуттук маданияттын символуна айланып, өлкөгө келген чет элдик коноктор сөзсүз даам татып көргөн тамактардын бири болуп калды.
Түштүк Корея кимчи, корей барбекюсу жана башка тамактары аркылуу өз маданиятын дүйнөгө жайылтып жатат. Бул өлкөдө улуттук ашкана кино, музыка жана туризм менен бирге кеңири жайылтылып, өлкөнүн имиджин түзүүгө жардам берүүдө.

Ал эми кыргыз ашканасы - өлкөнүн тарыхын, көчмөн маданиятын жана меймандостугун таанытууда четте калбайт. Бешбармак, кымыз, куурдак, боорсок, курут сыяктуу улуттук тамактар туристтер үчүн өзгөчө тажрыйба болуп, Кыргызстандын гастрономиялык брендин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Аймактардагы өзгөчө даамдар, мисалы боз үйдөгү улуттук дасторкон маданияты да чет элдик коноктордун кызыгуусун жарата алат.
Улуттук ашкананы туризмде кантип өнүктүрүүгө болот?
Туризм боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиевдин айтымында, кыргыз элинин улуттук тамак-аштарынын негизги өзөгүн эт, камыр жана сарымсак түзгөн.
“Көчмөн жашоо шартында адамдарга көп энергия талап кылынгандыктан, азыктардын бул түрлөрү маанилүү орунду ээлеген. Кийинчерек картошка сыяктуу башка азыктар кошулган. Ушул негизги азыктардын айкалышынан бешбармак, шорпо сыяктуу кыргыз элинин жашоо образын жана философиясын чагылдырган тамактар калыптанган.
Бешбармак кыргыз ашканасынын маанилүү бөлүгү болгону менен, бул тамак казак, татар, монгол сыяктуу башка элдерде да кездешет. Ошондуктан аны кыргыз ашканасынын өзгөчө бир түрү катары кароо керек. Ал эми кымыз, жарма, бозо сыяктуу улуттук суусундуктар көчмөн элдеринин маданиятына таандык. Биздин өзгөчөлүгүбүз – аларды даярдоонун салттуу жана өзгөчөлүү ыкмаларында”, – дейт эксперт.

Анын белгилешинче, кыргыз ашканасында көчмөн турмуштун таасири чоң. Узак убакыт сакталуучу, даярдалышы жеңил жана тоюмдуу азыктар бааланган. Бул өзгөчөлүктөрдөн улам курут, боорсок, каттама сыяктуу азыктар пайда болгон.
Эксперт айрым тамактардын келип чыгышына токтолуп, палоо өзбек элинин, манты Батыш Кытай аймагынын, ал эми лагман уйгур ашканасынын өзгөчөлүгү экенин белгиледи.
“Мисалы, өзбек эли ошол күрүчтөн жасалган палоону брендге айланта алды. Ошол эле учурда биз дагы кыргыз ашканасына таандык болгон кымыз, курут, бешбармак сыяктуу азыктарды дүйнөгө кеңири жайылта алабыз.
Алардын популярдуулугун арттыруу үчүн “Кымыз ичпей, бешбармак жебей Кыргызстанды толук көрө албайсыз” деген сыяктуу идеяларды жайылтуу маанилүү. Бул багытта туроператорлор, гиддер жана мамлекеттик органдар биргелешип иш алып барышы керек.

Ар бир өлкө өзүнүн өзгөчө ашканасы аркылуу таанылат. Эң негизгиси ошол тамактар даамдуу ингредиенттерден, сапатуу, тарыхый өзгөчөлүктү сактоо менен жасалышы керек. Азыктардын өзгөчө түрлөрүн, эски түрлөрүн сактоо зарыл. Таанылгандан кийин албетте, аларды туристтер даам таткысы келет”,-деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, Кыргызстан табигый мөмө-жемиштери менен да айырмаланат. Баткендин өрүгү, Арстанбаптын жаңгагы, Ысык-Көлдүн чычырканагы, тоо карагаты, жапайы бүлдүркөн, ит мурун жана барбарис өлкөнүн өзгөчө даамы менен айырмаланган табигый байлыктарынын катарына кирет.
Ошондой эле өлкөнүн гастрономиялык туризмин өнүктүрүү үчүн улуттук тамактарды ресторандарда гана сунуштабастан, аларды туристтик бренд катары жайылтуу зарыл. Бул үчүн тамак-аш фестивалдарын өткөрүү, мастер-класстарды уюштуруу, боз үйлөрдө улуттук дасторкон маданиятын көрсөтүү жана аймактык өзгөчө азыктарды бренд кылуу маанилүү.

Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы сынагына 15 мамлекеттин ашпозчулары катышат
Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы" аталышындагы эл аралык ашпозчулар сынагы экинчи жолу өткөрүлөт. Сынакка 15 мамлекеттен келген ашпозчулар катышып, 2-5-сентябрь күндөрү "көчмөн тамак жасоо, заманбап сунуштоо" концепциясы менен өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Катышуучулар улуттук тамактарды даярдап, калыстар тобуна заманбап ыкмада тартуулашат.
Сынактын жүрүшүндө ашпозчулар үч түрдүү тамак даярдашат. Биринчи күнү быжы, экинчи күнү куурдак жасалса, жарым финалда катышуучуларга бирдей азыктар берилип, ошол курамдан өз чыгармачылыгы менен жаңы тамак даярдоо тапшырмасы коюлат. Сынакка Канада, Англия, Түркия, Сауд Аравия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Россия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, улуттук ашкана – бул жөн гана тамак-аштардын түрлөрү эмес. Ал элдин тарыхын, маданиятын жана дүйнөгө болгон көз карашын көрсөтүүчү күчтүү курал. Кыргызстандын ашкана маданиятын туура жайылтуу өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, гастрономиялык туризмдин өнүгүшүнө жол ачат.