Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин имаратынын оңдоп-түзөө иштери уланууда. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.
Министрдин айтымында, бул имарат 1930-жылдары курулган жана совет мезгилиндеги өлкөдөгү алгачкы Ак үй катары белгилүү. Акыркы 50–60 жыл аралыгында имаратта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, болгону айрым жерлери косметикалык жактан оңдолуп келген.
“Учурда имаратта электр зымдары, өрт коопсуздук системасы, желдетүү жабдуулары толугу менен жаңыланууда. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө айрым жерлерде эски жыгач устундар чирип, жараксыз абалга келгендиги аныкталган. Адистер бул кемчиликтерди оңдоо иштеринин алкагында калыбына келтиришет. Капиталдык оңдоо иштерине болжол менен 176 миллион сом каралган. Иштерди “Кыргыз курулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Министр учурда кызматкерлер үчүн иштөө шарттары бир аз ыңгайсыз болуп жатканын белгиледи. Оңдоо иштерине байланыштуу министрликтин кызматкерлери үч башка жерде иштеп жатышат. Алардын көпчүлүгү Улуттук тарых музейинде, айрымдары К. Байлинов атындагы китепканада жана Кино үйүндө жайгашкан.
Мирбек Мамбеталиев министрликтин борбордук аппаратында учурда 118 кызматкер иштеп жатканын айтып, маданият тармагын өнүктүрүү үчүн кадрдык курамды жакшыртуу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Ошондой эле ал оңдоо иштеринен кийин имараттын тарыхый көрүнүшү сакталарына токтолду. Имараттын сырткы фасады өзгөртүлбөйт, негизинен ички бөлүктөрү жана чатыры жаңыланат. Ошондой эле имараттагы куполду бир аз чоңойтуу пландалууда.
Капиталдык оңдоо иштерин ушул жылдын 20-сентябрына чейин аяктоо пландалууда.