Ачык кабинет: Руслан Сүйналиев журналисттерге иш күндөрү тууралуу айтып берди

Коом Загрузка... 25 Май 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Финансы министри Руслан Сүйналиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен таңкы жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр журналисттерге мекемеге кыскача экскурсия уюштуруп, өзүнүн күнүмдүк иш тартиби тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, иш күндөрү көбүнчө таң эрте башталып, түн бир оокумга чейин уланат. Министр күн сайын 50дөн ашык ар түрдүү документтерди карап чыгып, кол коёт.

Ошондой эле ведомство башчысы үй-бүлөсү анын мындай тыгыз иш графигине түшүнүү менен мамиле жасап, колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, журналисттер менен баарлашуу учурунда Руслан Сүйналиев күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, министрликтин учурдагы иш жыйынтыктары жана негизги багыттары тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында министр мындан ары Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагындагы бир катар социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык объекттерди кыдырып, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт.

Эске салсак, финансы министринин бир күндүк иш графиги жана жүргөн багыттары тууралуу маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде “Кабар” агенттигинин расмий социалдык тармактагы баракчаларынан көрүүгө болот.

“Ачык кабинет” медиадолбоору мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин эртең мененден кечке чейинки чыныгы иш күнүн коомчулукка көрсөтүү.