Айбек Жунушалиев: Менин жумушум үйдөн чыккан учурдан башталат

Коом Загрузка... 22 Май 2026 13:10
WhatsApp_Image_2026_fPQOk4B.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында анын иш күнү кандай өтөрүн айтып берди.

Калаа башчысынын айтымында, убактысынын көбү иш столунда өтөт. Ал документтерди карап чыгып, жаңы инвестициялык долбоорлор жана шаарды өнүктүрүү пландары менен таанышат.

Ошол эле учурда мэрдин иши кабинет менен гана чектелбейт. Айбек Жунушалиев ар шейшемби жана бейшемби күндөрү шаардагы объекттерди жана жолдорду жеке өзү кыдырып, жеринде текшерип турарын белгиледи.

“Мен дайыма “менин жумушум үйдөн чыккан ошол эле секунддан башталат” деп тамашалап калам. Эгерде аба ырайы ылайыктуу болсо, жөө басууга же велосипед тебүүгө аракет кылам. Велосипед менен шаарды кененирек айланып чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Ошентип, жумушка баратып же үйгө кайтып баратып ар кандай аймактарга баш багам. Эгерде кандайдыр бир кемчиликтерди байкасам, сүрөткө тартып жөнөтөм да, дароо тапшырма берем”, — деди ал.