Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМден билдиришкендей, төмөнкү тилкелерде сак болуу зарыл:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.