Ак-Сууда апасынан айрылган 4 баланын абалы акыйкатчынын көзөмөлүндө

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 12:00
WhatsApp_Image_2025_anigXMW.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда өзүн өрттөп каза болгон аялдын артында калган төрт баланын укуктарынын корголушун жеке көзөмөлүнө алууну улантууда.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, учурда акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлдөрү социалдык кызматкерлер менен биргеликте балдардан жума сайын кабар алып жатышат.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында Ак-Суу РИИБдин алдында 40 жаштагы аял өспүрүм кызынын кош бойлуулугу боюнча суракка чакырылгандан кийин өзүн өрттөп, каза болгон.

Каргашалуу окуядан кийин маркумдун 3 баласы атасынын камкордугуна өткөрүлүп берилген, ал эми экинчи никеден төрөлгөн кенже кызы да өз атасынын колунда жашап жатат. Балдардын ар бирине энесинен ажырагандыгы үчүн ай сайын 3 300 сомдон жөлөк пул чегерилүүдө.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында тергөөгө чейинки текшерүүдө кемчилик кетирген кызматкерлер тартиптик жазага тартылышты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдар жетим калган балдардын кызыкчылыктарын коргоо жана аларга комплекстүү социалдык, психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзүүгө тийиш экенин баса белгилейт.