Тротуар, жер алдындагы эки өтмөк: Миңжылкыев көчөсүнүн курулушу башталды

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, бүгүн Миңжылкыев көчөсүн Тыналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин ачуу боюнча курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов "Кабар" агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2026-06-11 at 13.21.47.jpeg

Анын айтымында, жаңы жол тилкесинин узундугу 1 чакырым 350 метрди түзөт. Жол эки тараптуу болуп, эки тилкеден турат. Жалпы туурасы 8 метрди түзөт.

“Бул долбоордун алкагында жергиликтүү тургундардын жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин ыңгайлуулугу үчүн тротуар дагы курулат. Коопсуздук маселеси да эске алынган. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы эки өтмөк куруу пландалууда.
Ошондой эле экологиялык талаптар да сакталат. Жолдун четиндеги дарактар калат. Тротуар болсо бактардын сырт жагына жайгаштырылат.
Ошондой эле коомчулук арасында жаңы жолдун аймагы унаа токтотуучу жайга айланып кетиши мүмкүн деген пикирлер айтылып жатат. Бул транзиттик жол болгондуктан, мындай кооптонууга негиз жок.
Андан сырткары, жолдун эки тарабына тосмолорду орнотуу каралууда. Бул маселе учурда долбоордун алкагында иштелип жатат. Курулуш иштерин эки айлык убакыт белгиленди. Андан да эртерээк бүтүрүп, пайдаланууга берүү аракеттери көрүлөт” - деди ал.

WhatsApp Image 2026-06-11 at 13.22.11.jpeg

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы Миңжылкыев көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин улантуу пландалып жатканын маалымдаган. Долбоорго ылайык, жол Кыргыз-Түрк “Манас” университетине чектеш аймак аркылуу өтөт. Бул маселеге байланыштуу окуу жайдын өкүлдөрү экологиялык коопсуздук, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана университеттин аймагын сактоо боюнча тынчсызданууларын билдиришкен.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган жол борбор калаанын Башкы планында каралганын белгилеген. Анын айтымында, 2016-жылдын 16-ноябрында бекитилген Башкы планда бул тилкеде жол куруу каралып, тиешелүү документтерде Кыргыз-Түрк “Манас” университети буйрутмачы, ал эми “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы аткаруучу катары көрсөтүлгөн.

Бүгүн курулуш иштеринин башталышы алдында шаар башчысы университеттин жетекчилиги менен жолугуп, эки тарап өз ара түшүнүшүүгө жетишти.