Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасынан жөнөтүлгөн расмий SMS-билдирүүлөрдө жана электрондук каттарда эч качан шектүү шилтемелер болбойт. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, билдирүүлөрдө жана электрондук каттарда соттун аталышы, сот отурумунун күнү, убактысы жана өткөрүлө турган жери тууралуу гана маалымат жазылат.
“Бүгүнкү күндө алдамчылык фактыларын эске алуу менен маалыматтык коопсуздук маселесине да өзгөчө көңүл буруу зарыл. Расмий сот билдирүүлөрдө эч кандай шилтемелер болбойт. Банктык карта маалыматын киргизүү, сыр сөздөрдү же ырастоо коддорун берүү талап кылынбайт. Эгерде соттун атынан келген билдирүүдө кандайдыр бир шилтеме болсо, же жеке маалыматтарды берүү талап кылынса, мындай билдирүүлөргө ишенбөө керек. Бул алдамчылык аракеттери болушу мүмкүн”,- деп белгиледи ал.
Маалымат жыйынында жарандарга сотко кайрылууда же арыз берүүдө өздөрүнүн актуалдуу телефон номерлерин жана электрондук почта даректерин сөзсүз көрсөтүү зарылдыгы белгиленди. Анткени, бул билдирүүлөрдүн өз убагында жеткирилишин камсыз кылат.
Ошондой эле учурдагы аталган электрондук билдирүүлөрдүн юридикалык күчү салттуу почта аркылуу жөнөтүлгөн сот чакыруулары менен бирдей экендиги кошумчаланды.