Жумалиев: Сот тутумун санариптештирүү бюджетти үнөмдөп, процессти ылдамдатат

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 13:35
WhatsApp Image 2026-06-11 at 13.02.08.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Сот тутумун санариптештирүүдө электрондук билдирүүлөрдү киргизүү бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку соттун аппарат жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эми санариптештирүүнүн алкагында соттун аппараттары миңдеген каттарды таңгактоого, тариздөөгө жана кол менен жөнөтүүгө убакыт коротпойт.

“Сот тутумун санариптештирүүнүн алкагында биздин бюджетте чоң үнөмдөө болуп жатат. Буга чейин кагаз түрүндө бир кабарлоону жөнөтүүгө 127 сом жумшалып, ошол эле учурда көп убакыт талап кылынчу. Айрым учурларда сот процесси бүткөндөн кийин кабарлоо жеткен. Ошол себептен процесстер көпкө созулуп кетчү. Бүгүнкү күндө ар бир SMS-билдирүүнүн баасы 5-6 сомдун тегерегинде. “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасы апрель айында ишке кирип, май айында эле түзүм аркылуу сот процесстеринин катышуучуларына 10 миң 634 SMS-билдирүү жөнөтүлгөн”,- деди ал.

Белгилей кетсек, SMS-билдирүү жана электрондук почта аркылуу кабарлоодо эки талап бар экени маалымдалды. Биринчиси билдирүү адресатка жетип, кабарлоону алды деген белги менен кайра жиберген тарапка кайтарылып келиши. Бул жаранга жетти деген кайтарым билдирүү иштин материалына тиркелмекчи.