Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 20 жолу экзаменден өтпөй калгандар бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эл менен жолугуу үчүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барган учурда айтты.
Президенттин айтымында, өлкө боюнча 275 жеке автомектеп болгон. Анда жакшы окутушчу эмес.
"Азыр адам өзү көңүл буруп жакшы окуса, бир жолу же эки жолу келип, экзаменден өтүп кеткендер бар. Бирок, 20 жолу экзамен тапшырып, өтпөй калгандар дагы бар. Эгерде мурдагыдай заман болгондо жеке автомектептердин кызматкерлери акырын акча алып, экзаменден өткөрүп жиберишмек. Азыр жасалма интеллект кирип, билбеген адамды экзаменден өткөрүп жиберүү мүмкүн болбой калды", - деди өлкө башчысы.