Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Айлык акыны жогорулатуунун негизги критерийлеринин бири саламаттык сактоо тармагына жаш адистерди тартуу болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Финансы министрлигинин Штаттык курам жана эмгек акыны талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев билдирди.
Анын айтымында, эмгек акынын төмөндүгүнө байланыштуу медициналык мекемелерде дарыгерлердин саны жылдан-жылга азаюуда.
“Ушуга байланыштуу 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун чечими менен дарыгерлердин айлык акысы 50%га жогорулатылган. 2026-жылы 100%га чейин жогорулатуу пландаштырылууда. Буга байланыштуу жакында мамлекет башчысынын тийиштүү жарлыгы чыгат. Жарлыкты аткаруу максатында тийиштүү министрликтер тарабынан чечимдер чыгат”, — деди ал.
Буга чейин иш стажы үчүн кошумча төлөм 5 жыл үчүн 10%ды түзсө, эми жаш адистерди тартуу максатында бул мөөнөт 3 жылга чейин кыскартылды.
“Дарыгерлердин айлык акысындагы төлөмдөр башка тармактардагыдай эле айылдык, шаардык, тоолуу аймак деп бөлүнгөндүктөн, ар кандай кошумча төлөмдөр, компенсациялык төлөмдөр каралган. Өзгөчө жетишсиз болгон дарыгерлер үчүн өзүнчө 20 миң сомдон үстөк акылар каралган. Бүгүнкү күндө бул маселеге олуттуу көңүл бурулуп, дегеле саламаттык сактоо багытына гана эмес, жалпы билим берүү тутумуна да ушундай алгылыктуу чечимдер каралып жатат”, — деп кошумчалады Карыпбаев.