Аймактарды өнүктүрүү: Ошто 401 млн сомдук долбоорлор жактырылды

Аймак Загрузка... 28 Апрель 2026 17:55
DSC00777.JPG
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бүгүн Ош облусунда жана Ош шаарында ишке ашырылып жаткан "Аймактык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында жыйын өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө мурда түзүлгөн өндүрүмдүү өнөктөштүктөрдүн 8 катышуучусунун кошумча инвестициялык колдоо алуу үчүн сунушталган долбоорлору каралды. Ошондой эле жалпы суммасы 290 млн 845 миң 428 сомду түзгөн долбоорлор жактырылды.

Мындан тышкары, өндүрүмдүү өнөктөштүктөргө кошумча кабыл алынган катышуучулардын 6 субдолбоордук сунушу каралып, алардын жалпы суммасы 110 млн 300 миң сомду түздү.

Жыйынтыгында комитет тарабынан жактырылган жалпы 14 долбоордук жана субдолбоордук сунуштардын жалпы суммасы 401 млн 145 миң 428 сомду түздү.

Бул каражаттар аймактагы айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүрүмдүү өнөктөштүктү чыңдоого жана жергиликтүү экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга багытталат.