Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Акыркы беш жыл ичинде "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан мамлекеттик бюджетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 100 млрд сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу "Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегия" аттуу тоо-кен тармагынын форумунда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, компаниянын таза кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 706 млн АКШ долларына жеткен.
Министр ошондой эле беш жылдык мөөнөттө кенде 70 тонна алтын өндүрүлгөнүн жана ишкананын минералдык-сырьелук базасы запастардын көбөйүшүнүн эсебинен кыйла кеңейгенин баса белгиледи.