Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздык жолунда: миф эмес, реалдуулук

Экономика Загрузка... 10 Июнь 2026 18:15
675813359_1532.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 — копия.webp
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ГЭСтерди жана ЖЭБдерди кошкондо жылына 14 млрд 500 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бул электр энергиянын 85%дан ашыгын гидроэлектр станциялар, калган 15%ын жылуулук электр станциялары иштеп чыгат. Мында жалпы электр энергиясынын 65%ын Токтогул ГЭСи камсыздайт. Бирок, өлкөдө талап кылынып жаткан электр энергиясы 20 млрд кВт саатка жакын болуп, натыйжада таңкыстык 4 млрд 300 млн кВт сааттын тегерегинде болууда.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Чоробай Акунов учурдагы таңкыстык өлкөдөгү өндүрүш, курулуш тармактарынын өсүшүнөн келип чыгып жатканын “Кабар” агенттигине билдирди.

“Бизде азырынча электр энергиясы боюнча 4 млрд кВт саат кубаттуулуктун тегерегинде таңкыстык бар. Жетишпеген электр энергиясын Түркмөнстан, Өзбекстандан, Казакстан жана Россиядан импорттоп келебиз. Белгилей кетсек, кышкы жылытуу мезгилинен тышкары, азыр өлкөдө өндүрүш тармагы өнүгүп, электр энергиясына болгон суроо-талап жылдан-жылга өсүүдө. Мисалы, Бишкекте эле канчалаган өнөр жай ишканалары ишке кирип, тынымсыз курулуш жүрүп жатат. Алсак, 2024-жылы 17 млрд кВт саат электр энергиясын колдонсок, 2025-жылы 19 млрд кВт саат колдонулганы маалым. Бир жылда эле 2 млрд кВт саатка электр колдонуу көбөйгөн”,- деди Акунов.

Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп, керектөөнүн өсүшү 7%дан ашканын жыл башында билдирген. Маалымдалгандай, жалпы КМШ өлкөлөр боюнча чоң мамлекет Россияда керектөө 1,5–3 пайызга чейин көтөрүлсө, бизде керектөөнүн өсүшү 7%дан ашып кеткен.

Эң негизгиси Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жогору экендигин адистер белгилешет. Ресурс жагынан алганда өлкө ири жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу менен электр энергиясына толук көз карандысыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, кубаттуулугу 1860 МВт түзгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда ГЭСтин курулушунун даярдык этабы жыйынтыктоочу баскычында. Долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жана социалдык-экологиялык баалоо толук жүргүзүлгөн. Долбоорду каржылоо булактары катары эл аралык банктар жана донорлор тарабынан алдын ала аныкталган. Мындан тышкары, Казакстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык келишимдин долбоору макулдашуу баскычында турат. Ошондой эле 2027-жылы 120 МВт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-2 ГЭСнин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилмекчи.

“Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана аймактык энергетикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү долбоор. Учурда андан башка республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатса, анын 13үн быйыл ишке берүү пландалган. Бул 13түн экөө, жалпы 15,6 МВтты кубаттуулуктагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтери жазында ишке кирди. Андан тышкары, аймактарда күн жана шамал электр станциялары курулуп жатат. Эң негизгиси Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча иштер жүрүп, “Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын курууга” тараптар менен кол коюлуп, долбоорлоо иштери аткарылууда жүрүүдө. Бардык ушул долбоорлор четинен ишке кирсе, энергетикалык көз карандуулуктан чыгып, экспорттоого да мүмкүнчүлүк жаралат. 2028-жылы Кыргызстан өзүн-өзү электр энергиясы менен камсыздоого жетишет”, - деди эксперт.

Президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы аталган ГЭСтерди ишке киргизүү аземинде учурда өлкөдө жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзгөн 48 чакан ГЭС иштеп жатканын жана алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо маанилүү экендигин айткан.

“Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү – бул энергетика тармагын диверсификациялоо, туруктуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык кызыкчылыктарын камсыз кылуу багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү. Чакан ГЭСтер энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда чоң роль ойнойт”, - деп белгилеген президент.

Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, өлкөдөгү чакан гидроэлектр станциялар Кыргызстандын ички инвестициялары тарабынан курулса, күн жана шамал электр станциялары тышкы инвестициялар аркылуу ишке ашырылууда.

“Жашыл энергетика фонду тарабынан азыркы учурда 82 долбоор боюнча иш жүрүп жатат. Бул долбоорлордун ичинде 61 чакан ГЭС, 19 күн станциясын жана 2 шамал электр станциясын куруу долбоорлору болуп саналат. Андан тышкары, “Миң айылга 1000 станция” деген долбоордун алкагында Кыргызстандын ар бир айылына бирден станция куруу планы коюлган”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө биринчи жолу энергиянын кайра жаралуучу булактары долбоорлору ишке ашырылып, өткөн жыл соңунда Кемин шаарында 100 МВт кубаттуулуктагы күн станциясы ишке киргизилген. Мында мамлекеттик мекемелердин чатырларына жана ГЭС-5 суу сактагычынын үстүнө күн панелдери орнотулду.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жолунда реалдуу кадамдарды жасап жатат. Бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын таңкыстыгы өлкөдөгү экономиканын өсүшү менен түз байланыштуу болсо да, ири гидроэнергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы, чакан ГЭСтердин көбөйүшү жана күн менен шамал сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарынын өнүгүшү бул көйгөйдү акырындап жоюуга негиз түзүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу стратегиялык мааниге ээ долбоорлор ишке кирсе, Кыргызстан өзүн толук электр энергиясы менен камсыздап гана тим болбостон, келечекте экспорттоочу өлкөгө айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Демек, энергетикалык көз карандысыздык – бул жөн гана максат эмес, жакынкы жылдарда ишке аша турган реалдуу келечек.