Мартта Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 255,2 млн доллар которулган

Экономика Загрузка... 10 Июнь 2026 12:05
2ba14bd0-29e1-48dc-997f-87de3b8d82fe.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 255,2 млн долларды түзгөн.

Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым – 235,5 млн доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 19,7 млн доллар болгон.

"Ушул эле айда Кыргызстандан башка өлкөлөргө 23 млн доллар которулган. Анын 21 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1,9 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.