Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кайыңды кант заводунун жер аянтын, Ровная айыл аймагындагы дыйканчылык талааларын жана ферула (асафетида) себилген жер тилкелерин кыдырып чыкты.
Анда Төрөбаев аймактагы айыл чарба иштери, кайрак жерлерди өздөштүрүү жана жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышты.
Эгер буга чейин бул аймактарга буудай, арпа жана көп жылдык чөптөр эгилип келсе, быйыл Кайыңды шаарындагы кайракы аянттарга кант кызылчасы айдала баштады. Учурда мында автоматташтырылган айланма-жамгырлатып сугаруу системасынын жардамы менен 47 гектар жер 14-19 сааттын ичинде толук сугарылууда. Бул өзү жүрүүчү конструкция суунун тартыштыгын азайтып, кайрак жерлерди натыйжалуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мобилдик тиркеме аркылуу башкарылган "акылдуу" система сууну олуттуу үнөмдөөгө шарт түзүүдө.

Мамлекет тарабынан фермерлерди колдоо максатында өлкөдө тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын жайылтуу үчүн жылдык 2 пайыздык жеңилдетилген насыя программасы иштеп жатат. Быйыл республика боюнча жалпы 1 млн 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилүүдө.
Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Нурлан Тыналиевдин айтымында, 2030-жылга чейин өлкөдө 200 миң гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу пландалууда.

"2026-жылга 20 миң гектар жер пландалса, анын ичинен 5270 гектары мамлекет тарабынан ишке ашырылуучу программа болуп эсептелет", - деди Тыналиев.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев иш сапарынын алкагында Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн жаңы багыт болгон ферула өсүмдүгү өстүрүлгөн талааларды да көрдү. Буга чейин дыйкандар бул өсүмдүктү өлкөнүн түштүгүндө гана өстүрүп келишсе, эми Чүй облусунда да өстүрүлө баштады. Феруладан медицинада жана биологиялык активдүү кошулмаларды өндүрүүдө колдонулган баалуу асафетида заты алынат.
Ишкер Мухтар Суровдун айтымында, дарылыкка эң эле жарактуусу ушул ферула сорту болуп саналат.
"Биздин планыбыз боюнча бул өндүрүм 100 пайыз экспортко кетет. Бул өсүмдүк кайракы жерлерге өстүрүлгөндүктөн, биз үчүн эң жакшы вариант", - деп белгиледи ишкер.
Бул заттын бир килограммы эл аралык рынокто 150 доллардан жогору бааланат. Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өлкөдө бул багытты өнүктүрүү жана чийки затты кайра иштетүү зарылдыгын ортого салды.
"Бир нукка түшүп алсак, Кыргызстанда кайра иштетүү менен аны 150 доллардан эмес, даяр продукция катары 600 доллардан сатканга аракет кылышыбыз керек деген ойдобуз", - деди Төрөбаев.

Кыргызстан – агрардык өлкө. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк тенденция көрсөткөндөй, ар бир мамлекет азык-түлүк коопсуздугу маселесине өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Мамлекет фермерлерди ар тараптан колдоп жаткан учурда, ата мекендик дыйкандар дагы жаңы технологияларды жана илимий жетишкендиктерди колдонуу менен ишин жаңы деңгээлге чыгарышууда.