"Ала-Тоо Резорт" долбоору кытайлык ири компаниялардын кызыгуусун жаратты

Коом Загрузка... 22 Май 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Кытайдын ири инвестициялык жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүнөн турган делегация Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо Резорт" жыл бою иштеген тоо кластеринин долбоору менен таанышты. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Кытайлык ишкер чөйрөлөрүнүн курамында инвестиция, курулуш, өндүрүш жана соода тармагындагы алдыңкы компаниялар бар.

Иш сапардын алкагында чет элдик конокторго "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун концепциясы, анын масштабы, учурдагы ишке ашыруу этаптары жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү пландары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле делегация курорттун аймагын кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Кытай тарап эл аралык туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө, заманбап лыжа инфраструктурасын түзүүгө жана долбоордун аймактагы эң ири туристтик хаб катары потенциалына өзгөчө чоң кызыгуусун билдирди.

Инвесторлор долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, кызматташууга жана анын айрым багыттарына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да тереңдетип изилдөөгө даяр экендиктерин белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин 22-апрелде Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда кытайлык ишкерлер менен жолугушуу өтүп, анда өлкөнүн инвестициялык потенциалы жана "Ала-Тоо Резорт" долбоору тааныштырылган.