Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын аймагында эс алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, бүгүн президент Садыр Жапаров суу сактагычтын аймагындагы абал менен жеринен таанышып, тиешелүү мамлекеттик органдарга аймакты көрктөндүрүүгө тапшырма берди.
“Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы 1965-жылы курулган, ага суу толгон кезде токой көрккө бөлөнөт. Мына ошонусу менен ал жак кызыктуу. Азыр бактарга уялаган ар кандай канаттуулар балапан чыгарып жаткан мезгили. Март айынан июндун ортосуна чейин токой туристтердин көңүлүн буруп, кошуна мамлекеттерден бери сүрөткө түшүүгө келишет. Буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп келгендиктен, жетиштүү деңгээлде шарт жок болчу. Бүгүн президент Садыр Жапаров өзү келип көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көрктөндүрүүгө тапшырма берди. Буюрса, бул аймак дагы эң алдыңкы туристтик жайга айланат. А-фрейм үй, ресторандар курулат, сейилдеп жүрчү жолдор салынат”, - деп айтты Дайырбек Орунбеков.