Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өлкө боюнча 11 RestPoint иштеп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 18 RestPoint курулуп бүттү.
“Иштебеген RestPoint`терди ишкерлерге ижарага берүү үчүн келишим түзүп жатабыз”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова RestPoint`терди ишкерлерге туристтерге тейлөө көрсөтүү максатында акысыз берүүнү карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.