Ысык токочтун жыты, сары май жана кымыз: Суусамыр өрөөнү менен Чычкан капчыгайы

Туризм Загрузка... 17 Июнь 2026 11:50
copyright icon Кабар Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Жайдын келиши менен кыргыз тоолору өзгөчө бир сыйкырдуу дүйнөгө айланат. Күнүмдүк жумуштун, шаардын ызы-чуусу менен аптабынан качып, жаратылыштын кучагына сиңип кетүүнү каалагандар үчүн өлкөбүздө кереметтүү багыттар толтура. Биз бул жолу унаабызга отуруп, Кыргызстандын эң кооз, эң таза жана туристтердин кутуна айланган эки аймагына Суусамыр өрөөнүнө жана Чычкан капчыгайына жол тарттык. "Кабар" агенттиги бул ирет Кыргызстандын дагы бир кереметтүү жерлери жайкалган Суусамыр өрөөнү жана жапжашыл Чычкан капчыгайынын койнундагы унутулгус саякат тууралуу кеп салат.

dji_0365.jpg

Бишкектен эртең менен жолго чыгып, болжол менен 2,5-3 сааттын ичинде Суусамыр өрөөнүнө жеттим. Жолдун өзү эле өзүнчө бир саякат. Айтылуу Төө-Ашуунун бурулуштарын артка таштап, ашуудан түшкөндөн кийин көз алдыңда чексиз жашыл талаалар жайылып, Суусамырдын керемет дүйнөсү ачылат. Июнь айындагы Суусамыр өзүнчө бир кереметтүү жомок. Көз жеткис кең өрөөн кудум жашыл көйнөк кийип, тоолору көккө бой тиреп, жаратылыш өзүнүн бүтүндөй сулуулугун, бардык боёкторун төгүп, жайкалып турган кези. Кыштын катаал сыноосунан чыккан жаратылыш жанданып, жашыл көйнөк кийгендей жайкалат. Алыстан көрүнгөн тоолордун ак карлуу чокулары менен көк майсаң талаалар бири-бирин толуктап, көз жоосун алган көрүнүштү жаратат. Бул жерде убакыт жай агып жаткандай сезилет.

photo_5300986832050919520_y.jpg

Жол жээгинде катар-катар тигилген боз үйлөр дароо көңүлдү бурат. Дээрлик ар биринин алдында жаңы бышкан, жыты буркураган токоч, сары май, куурдак, курут жана албетте, Суусамырдын атактуу кымызы сатылат. Жолдон чарчаган жолоочу үчүн мындан артык сый жок. Мында улуттук даамдан татып, эс алган саякатчылардын саны арбын.

photo_5300986832050919560_y

Соңку жылдары Суусамырда этнотуризм менен заманбап туризм айкалышып, боз үйлөрдүн катарында глэмпинг үйлөрү да пайда болду. Табияттын койнунда бардык ыңгайлуулуктар менен эс алууну каалагандар үчүн мындай жайлар чоң суроо-талапка ээ. Бул жерден Сауд Аравиясынан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана башка өлкөлөрдөн келген туристтерди жолуктурууга болот. Алар жай бою кыргыз элинин көчмөн маданиятына кызыгып, тоо арасындагы жашоонун өзгөчө атмосферасын сезүүгө аракет кылышат.

photo_5300986832050919561_y

Ал эми кымыз менен дарылаган ден соолукту чыңдоочу жайлардан жергиликтүү мекендештерибизди арбын кездештирүүгө болот.

photo_5300986832050919565_y

Андан соң Суусамырдын кеңдигине суктанып бүтүп, андан ары Ош- Бишкек унаа жолу менен илгерилегенде, бизди жайкалган Чычкан капчыгайы тосуп алды. Бул жердин табияты таптакыр башкача энергетикага ээ. Асман тиреген бийик, сүрлүү тоолордун так ортосун жарып өткөн трасса адам баласынын эмгеги менен жаратылыштын улуулугунун айкалышындай сезилет.

photo_5300986832050919523_y.jpg

Чычкан капчыгайы көпчүлүк үчүн жөн гана жол боюндагы аймак эмес. Бул табият менен үндөшүп, шаар турмушунун ызы-чуусунан алыстап эс ала турган жер. Капчыгай аркылуу өткөн сайын тоодон соккон салкын жел жүзүңдү аймалап, таза аба жан дүйнөңдү сергитет. Жолду бойлой отурукташкан малчылар өздөрүнүн таза кымызын, сары майын сунушташса, коңшулаш Токтогулдун дүйнөгө таанымал, миң бир дартка даба болгон таза балын саткан балчылар да саякатчыларга өз продукциясын сунушташат. Токтогулдун гүлдүү талааларынан чогултулган таза балды көбүнчө чет өлкөлүк саякатчылар токтоп, сатып алышарын байкоого болот. Табиягый таза азыкка бай бул аймакта токтоп, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эмгегине күбө болуу өзүнчө ырахат тартуулайт.

photo_5300986832050919566_y

Акыркы жылдары Чычкан капчыгайы туристтер үчүн ыңгайлуу борборлордун бирине айланды. Бул жерде заманбап эс алуу жайлары, мейманканалар жана коттедждер курулуп, келген конокторго бардык шарттар түзүлгөн. Тоонун таза абасынан дем алып, шар аккан суунун үнүн угуп, жаратылыштын койнунда түн өткөрүү үчүн бир суткалык эс алуунун баасы орто эсеп менен 2 миң 500 сомдон 10 миң сомго чейин жетет. Бул эс алуу жайларында тоонун таза, мөлтүр абасынан дем алып, шаркырап аккан суунун үнүн угуп, бир сутка түнөп кетүү үчүн акы төлөө шартка жана комфортко жараша сунушталат.

2.jpg

Суусамыр менен Чычкан – Кыргызстандын табигый байлыгынын, сулуулугунун жана меймандостугунун дагы бир мисалы. Бул жерлерге бир жолу келген адам кайрадан кайтып келүүнү самайт. Анткени бул өрөөн менен капчыгай жөн гана эс алуучу жай эмес, алар адамга табият менен кайрадан байланышуунун, жан дүйнөсүн тынчтандыруунун жана өлкөбүздүн ажайып кооздугун терең сезүүнүн мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Жайдын ысык күндөрүндө мындай сапар ар бир адам үчүн унутулгус таасир калтырары шексиз.

photo_5300986832050919541_y.jpg