Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолу: Өлкө өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк

Туризм Загрузка... 15 Июнь 2026 19:20
transport-zheleznaya-doroga-1.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстандын экономикасын, туризм тармагын жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу маанилүү кадам. Күн мурда мезгил кутусу салынган аталган темир жолдун курулушу Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Мында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата багыты боюнча узундугу болжол менен 86 чакырымды түзгөн жаңы темир жол линиясы курулмакчы. Курулуш эки этап менен жүргүзүлүп, I этап – Балыкчы – Тамчы, II этапта – Тамчы – Чолпон-Ата каттамы уланат. Долбоор толук кубаттуулукка чыкканда жылына 5 млн тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алары маалым.

Ысык-Көл аймагында темир жол куруу инвестицияны көбөйтүп, транспортту жеңилдетүү менен экологияга жана экономикага оң таасир берерин экономика илимдеринин доктору, профессор Сагын Чалбаева “Кабар” агенттигине билдирди.

"Өзгөчө акыркы 2 жылдын ичинде Кыргызстанга инвестициялык долбоорлор көп келүүдө. Ысык-Көл облусу боюнча көлдүн тегерегинде жол салуу, шаар куруу жана туризмди өнүктүрүү багытында жаңы инвестициялык долбоорлор түзүлүп, четинен ишке ашууда. Темир жол курууга токтолсом, бул эң үнөмдүү күйүүчү май сарптаган транспорт каражаты болуп саналат. Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол каттамы ишке ашса аймакка каттаган авто унаалардын саны кыскарып, эл чет өлкөлөрдөй көбүрөөк поезд менен жүрүп калышат. Жүк анын ичинде курулуш материалдарын, жабдууларды ташууда темир жол бир топ ыңгайлуу. Мындан тышкары, Чолпон-Атага чейин поезд менен каттаган эс алуучулардын саны да кыйла көбөйөт. Бул экосистемага да оң таасир тийгизип, өлкө экономикасына абдан жакшы туруктуулук берет”,- дейт эксперт.

Президент Садыр Жапаров аталган темир жолдун курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде белгилегендей, долбоордо темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлүп, аймакта ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ болмокчу.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл жээгинде курулуучу “Асман” шаары, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластери, облустун Тамчы айылына курулуп жаткан 5 жылдыздуу мейманканалар, жыл бою иштеген “Каркыра” тоо комплекси жана “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясы сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бул темир жолдун орду чоң.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоор толук кубаттуулукка чыккандан кийин жылына 5 млн тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алат. Мындан тышкары, инфратүзүмдүн өнүгүшүнө жана аймактын экономикасынын жандануусуна жараша бул көрсөткүч дагы көбөйөт деген үмүтүм бар. Жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болот”, - деп белгилеген президент.

Эксперт Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолун “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоодо жол жүрүү убактысы кыскарып, автоунаалардын санынын азайышы менен туристтер үчүн жакшы шарттар түзүлөрүн белгиледи.

“Темир жолду аэропорт менен интеграциялоо поезд менен учак каттамдарын бири-бирине ыңгайлуу туташтыруу деп түшүнсөк болот. Башкача айтканда, жарандар учак менен аэропортко келгенде, ага жакын станциядан түз эле поездге отуруп, Балыкчыга, Чолпон-Атага же башка аймактарга оңой жете алат. Тескерисинче, поезд менен келген жүргүнчү дароо аэропортко кирип, учакка отурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай байланыш түзүлгөндө транспорттун ар башка түрлөрү - бир система болуп иштей баштайт. Натыйжада жол жүрүү убактысы кыскарат, ыңгайлуулук жогорулайт, автоунаалар азаят жана туристтер үчүн дагы жеңил шарт түзүлөт”,- дейт Чалбаева.

“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, “Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата” темир жол линиясын куруу долбоору облустун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана экономиканын жана калктын келечектеги муктаждыктарына жооп берген заманбап темир жол тармагын түзүүгө багытталган.

“Келечекте долбоор Кыргызстандын темир жол ташууларынын бирдиктүү системасынын курамдык бөлүгү катары каралып, Ысык-Көл аймагындагы темир жол тармагын мындан ары өнүктүрүүгө жана Ысык-Көлдүн айланасында шакек түрүндөгү темир жол каттамын түзүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, долбоорду Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жол маршруту менен интеграциялоо каралууда. Бул өлкөнүн транспорттук инфраструктурасынын өз ара байланышын чыңдоого жана анын эл аралык транспорттук коридорлорго катышуусун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет”,- деп айтылат маалыматта.

Себеби, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорлорунун уландысы катары аталган Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолу курулганы турат. Бул курулуш Ысык-Көл облусу үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Долбоорду ишке ашырууда 400дөн ашуун жумуш орду түзүлүп, ал эми темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык жаран иш менен камсыздалмакчы.

Ысык-Көлдүн айланасында шакек түрүндөгү темир жол каттамынын кийинки кадамы техникалык жактан татаал эмес Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Каракол темир жолунун курулушу экендигин баамдоого болот.

Жыйынтыктап айтканда, Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана туризм тармагын кеңейтүүгө чоң салым кошот. Долбоордун аэропорт менен интеграцияланышы аймакта заманбап транспорттук системаны калыптандырып, жол жүрүүнү жеңилдетип, экологиялык жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылат. Натыйжада Ысык-Көл облусу гана эмес, жалпы өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, келечектеги өнүгүүгө бекем негиз түзүлөт.