Быйыл Кыргызстанга 12 миллионго жакын турист келет деп күтүлүүдө. Чет өлкөдөн келген меймандарды өлкөбүздүн жаратылышы, бийик тоолору жана экотуризм кызыктырат. Картадан караганда Көл-Үкөк жайлоосу жөн гана бир чекиттей көрүнөт. Бирок иш жүзүндө бул жерге дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер миңдеген чакырым жолду басып өтүп келишет. Бүгүнкү күндө Көл-Үкөк чет элдик саякатчылар эң көп издеген жайлоолордун бирине айланды. Ал эми мындан отуз жыл мурда бул кооз өрөөнгө чабандардан башка дээрлик эч ким келчү эмес. Убакыттын өтүшү менен Көл-Үкөк Кыргызстандагы тоо жана экотуризмдин белгилүү борборлорунун бирине айланып, жергиликтүү тургундар үчүн да киреше булагын түздү.

Нуржан Арыкова, ишкер:
“1996-жылы Көл-Үкөккө чабан болуп келгенбиз. Элдин малын бакчубуз. Уй саап, май жасап, бээ саап тиричилик өткөрчүбүз. Мурда унаа келчи эмес, ат менен көччүбүз. Болжол менен он ат менен үч-төрт күн каттайт элек. Бир аттык эле жол болчу. Ат үркүп, жүк менен көлгө түшүп кеткен учурлар болгон”, - деди ал
Ошол кезде бул жердин келечеги дүйнөлүк туризм менен байланышат деп эч ким ойлогон эмес. Ал эми жергиликтүүлөр туристтерге эшигин ачары, миң уктаса да түштөрүнө кирбесе керек. Бирок туризм акырындап бул жердеги адамдардын жашоосун өзгөртө баштады.

Нуржан Арыкова, ишкер:
“Биринчи турист тоскон жылы сезондо төрт миң сом тапкам. Абдан сүйүнгөм. Ошол акчага үч кызымды толук кийинткем. Өкүнбөйм туризм тармагында иштеп жатканыма. Ушул жерге келип агарып, көгөрдүк. Боз үй жыйнадым”, - дейт ишкер.
Көл-Үкөккө келген туристтердин көбү ат минүүнү каалашат. Ошондуктан бул жерде туристтин акчасы бир эле боз үйдүн казанында кайнабайт. Андан гид дагы, ат ээси да пайда көрөт.
Токтосун Керимкулов, ишкер:
“Менин гиддин ишин аткарам. Балдардан ижарага ат алып келип, туристтерди Көл-Төр деген жерге алып барып келем. Өзүмдө болсо эки ат бар. Ошолорду иштетем”, - дейт ал.
Калыс Сулайманов, жергиликтүү тургун
“Биз өзүбүздүн мал менен келебиз. Турист тоскон байкелердин аты жетпей калса, бизден алышат. Турист көп келсе биз да акча таап алабыз. Майда-чүйдө керегибизге жарап кетет”, - деди тургун.
Көл-Үкөк жайлоосу деңиз денгээлинен 3100 метр бийиктикте турат. Райондун борборунан болгону 24 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жакка келген туристтер ыңгайлуулук издеп келишпейт. Алар үчүн жаратылыштын кооздогу жана айланадагы тынчтык маанилүү.
Чолпонай Аралбаева, ишкер:
“Бизге көбүнчө Европадан келип эс алышат. Аларга кыргыздын баалуулуктарын көрсөтөбүз. Бул жерге чындап эс алганы келишет. Интернет тартпайт. Байланыш, ызы-чуу жок. Абдан сонун уктадык, аба таза, жаратылышыңар кооз деп суктанып кетишет”, - деди ишкер.
Өлкөдө туризм асман тиреген мейманканадан эмес, кыргыздын боз үйүнүн босогосунан башталган. Бир кезде чет өлкөлүктөрдү кантип тосуу керек деп айласы куруган айылдыктар бүгүн дүйнөнүн төрт тарабынан келген конокторду кабыл алып жатышат.
Көл-Үкөккө келген бир турист бир күндө канча акча коротот, эсептеп да көрдүк:
- турист түшкү тамак жесе — 800 сом
- кечки тамактануу да 800 сом. Ага суюк, коюу тамактар жана салат кирет. Нан, каймак, сары май, чөбөгө сыяктуу улуттук тамактар чексиз жана акысыз берилет
- Түнөк жана эртең мененки тамак — 1600 сом
- Бир ат бир күнгө 1500 сомго берилет
Эгер турист жогорудагы бардык кызматтарды алса, бир мейман бир суткада — 4900 сом таштап кетет.
Көл-Үкөккө келген туристтер жаратылыш менен гана чектелбейт. Алар кыргыздын маданиятын, кол өнөрчүлүгүн, кылымдарды карыткан салттарын дагы издешет. Аталган аймактагы туризмдин тарыхын Гүлжамал Касмалиевадан артык билген адам жок. Ал Көл-Үкөк жайлоосуна биринчилерден болуп боз үй лагерин ачкан. Оор шартта, катаал климатта туристтерге кучак жайып, он жылдан ашуун иштеген . Кийин ден соолугуна байланыштуу жайлоого барбай калган. Бирок туризмден алыстаган эмес. Азыр кыз-келиндери менен айылдагы уйундо чет элдик меймандар үчүн шырдак шоу уюштурат.

Гүлжамал Касмалиева, ишкер:
“1998-жылы биринчи жолу швейцариялык конокторго шырдак шоу уюштургам. Анда ала кийиз жасоо процессин көрсөткөм. Андан кийин шырдак шоу уюштурула баштады. Чийдин бетине жүн кийиз жасап, шырдактын оюу, кесүү, жөрмөгөн, шырыган ыкмаларын көрсөтүп баштадык. Кийин жип ийрүү, өрмөк согуу дегендерди көрсөтүп олтуруп, шырдак шоу башталып кетти”, - деди ал.
Ал кезде туристтерге эмне кызык болорун эч ким билчү эмес. Бирок айлакөй айым анын жолун таап, кыргыздын кол өнөрчүлүгүн даңазалай баштаган. Бүгүнкү күндө шырдак шоу Кыргызстандын туристтик брендине айланды.
Гүлжамал Касмалиева, ишкер:
“Биздин энелерибиз жасаган шырдактарды ондогон жылдар бою колдонсо болот. Шырдакка чет элдиктер ошонусу менен кызыгып, сатып алышат. Эски саймалардан жасалган панолорго таң калышат. Айтор эмне буюм жакса, баасына карабай сатып алышат”, - деди ал.
Ал эми Саадагүл Садыкова үйүнүн эшигин чет өлкөлүктөргө ачып, өлкөдөгү алгачкы конок үйлөрдүн бирин түптөгөн.
Саадагүл Садыкова, ишкер:
“1995-1996-жылдары мугалимдерге айлык тийбей калган учур болду. Ошол кезде бала-бакыраны багып кетиш үчүн үйүбүзгө биринчи жолу турист киргизгенбиз. Кадимкидей эле жерге төшөк салып берип жаткырчубуз. Туристтен биз менен кошо тамак жасашып, чогуу ичип жүрө беришчү. Биз анда мал бакчубыз. Уй сааганды көрүп, кой айдасак кошо айдашып, биздин чыныгы турмуш менен аралашып башташкан”, - деди ишкер.
Өлкөдо туризм өнүгүп жатат. Аны менен катар бул тармакта көйгөйлөр да жок эмес.
Мирбек Бусурманкулов, гид:
“14 жыл мурда боз үйлөргө турист алып барсаң, күлүп-жайнап тосуп алышчу. Чогуу отуруп чай ичип, өздөрүнүн окуясын айтып берип, баарлашчу. Конок кетип жатканда кучакташып коштошуп, аябай жакшы болчу. Азыр анын бири жок. Туристти акча алып келген бизнес катары эле көрүп калышты”.

Бүгүн шарттар жакшырды. Бирок туристтер издеген негизги баалуулук өзгөргөн жок.
Мирбек Бусурманкулов, гид:
“Биз туристтерди укмуш сервис менен кызыктыра албайбыз. Биз өзүбүздүн жөнөкөйлүк, тазалык, меймандостук менен чет элдик конокторду кызыктыра алабыз. Кыргызда “ашың болбосо да, кашың болсун” деген сөз бекеринен айтылган эмес”, - деди ал.
Эксперттердин пикиринде Кыргызстанды алдыга сүрөй турган нерсе люкс сервис эмес. Бул - боз үй,ат минүү, кымыз, самоордон куюлган чай. Башкача айтканда, дүйнөдө азайып бараткан көчмөн жашоонун өзү.
Эдуард Кубатов, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору:
“2025-жылы Кыргызстанга 10 миллиондон ашык турист келди. Эл аралык статистика боюнча чет мамлекеттен келген жаран бир күн түнөсө турист деген статусту алат. Бир жерде конок болот, мейманканага кирет, тамак алат, транспортко түшөт, ошентип олтуруп экономикага өзүнүн салымын кошот. Ушул жылы Кырызстанга 12 миллионго жакын турист келет деген божомолдор бар”, - деди Эдуард Кубатов.

Туристтердин саны өсүп жатат. Бирок анын артынан жоопкерчилик дагы өсүүдө. Анткени бүгүн келген конок эртең Кыргызстан жөнүндө бүт дүйнөгө айтып берет.
Эдуард Кубатов, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору:
“Акчанын артынан илгертен бери келе жаткан меймандостугубузду жоготуп жатабыз. Сервис дагы төмөндөп кетти. Коопсуздук болбосо туристтер келбейт. Өлкөгө келген туристтердин арасында жаш-карысы бар, аял-эркеги да бар. Алар Кыргызстан кооптуу мамлекет экенин көрсө, анда бизге турист келбейт. Катуу, орой мамиле кылсак да меймандарды качырабыз. Эл аралык системада мындай: бир жолу келген турист, экинчи ирет кайтып келбесе анда бул “өлгөн туризм” деп саналат”, - дейт ал.
Кыргызстандагы туризм жүздөгөн үй бүлөнүн жашоосун өзгөрттү. Ал кээ бири үчүн бизнес болсо, Нуржан эже сыяктуу ондогон үй-бүлөлөр үчүн – балдарын окутту, Чолпонайдын үй-бүлөсүн бутуна тургузду, Саадагүл айымдын кесибин өзгөрттү, Гүлжамал апанын өнөрүн дүйнөгө таанытты.