Суудагы Формула-1: Ысык-Көлдү дүйнө жүзүнөн 500 млн адам көрөт

Туризм Загрузка... 17 Июнь 2026 10:00
22bbd2ca-2b37-401d-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстан быйыл дүйнөлүк деңгээлдеги ири спорттук иш-чаралардын бирин кабыл алганы турат. Алгачкы жолу Борбор Азияда, атап айтканда Ысык-Көлдө UIM F1H2O суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Уюштуруучулар бул мелдеш өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык аренада кеңири таанытууга өбөлгө түзөрүн белгилешет.

F1H2O дүйнө чемпионаты буга чейин 29–31-майда Италиянын Кальяри шаарында ачылган. Эми 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтүп, андан кийин Шанхай, Жидда шаарларында болуп, Шаржада аяктайт. Бул чемпионат Борбор Азиянын биринчи Гран-приси болуп саналат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алып, бул жааттагы кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган. Анда бул дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытып, Кыргызстандын улуттук брендин эл аралык аренада илгерилетүүгө өбөлгө түзөрү белгиленген.

Андан сырткары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрүп, UIM F1H2O мелдеши өлкөнү дүйнөлүк аудиторияга таанытарын белгилеп, даярдык иштерине карата тиешелүү ведомстволорго тапшырмаларды берген.

Сууда өтө турган жарышка 25 спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдеш түз эфирде 150дөн ашуун өлкөгө көрсөтүлүп, дүйнө жүзүндөгү кеңири аудиторияга чагылдырылат. Ошондой эле иш-чараны жеринен көрүү үчүн Кыргызстанга 10 миңге жакын турист келери болжолдонууда.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, бул спорттук иш-чаранын аркасында Кыргызстанды дүйнө жүзү боюнча болжол менен 500 миллион адам көрүшү күтүлүүдө. Ал ошондой эле чемпионатка байланыштуу Жакынкы Чыгыштан Тамчыга чейин түз авиакаттам уюштурулуп жатканын белгиледи.

Муну менен катар, жарыш өтө турган Ысык-Көл облусуна караштуу Бает айылынын инфраструктурасы жакшыртылып жатканын айтты.

“Чемпионатты өткөрүүгө даярдыктын алкагында ири капиталдык курулуштар жүргүзүлбөйт. Иш-чара үчүн чатырлар, сахна, телемунаралар, тенттер жана башка убактылуу объектилер орнотулуп, алар чемпионат өтүп жаткан мезгилде гана пайдаланылат. Бает айылында жүргүзүлүп жаткан иштер чемпионатты уюштурууга гана эмес, аймактын туристтик инфраструктурасын жакшыртууга да багытталган. Учурда эки чакырымга жакын жол курулуп, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүрүүдө. Ошондой эле 1500 чарчы метр аянтты камтыган унаа токтотуучу жай жана көл жээгинде заманбап эс алуу аймагы менен сейил бак курулуп жатат. Мында бардык бак-дарактар жана бадалдар сакталат. Курулуш жана оңдоо иштери июль айында аяктайт”, - деди ал.

Кубатов белгилегендей, чемпионат аяктаган соң бардык убактылуу курулмалар демонтаждалып, аймак толугу менен тазаланып, иретке келтирилет. Ал эми техникалык аянтча жана жаңы түзүлгөн эс алуу аймагы жергиликтүү тургундар менен туристтердин пайдалануусунда калып, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кызмат кылат.

Бул арада коомчулукта аталган чемпионатты өткөрүү Ысык-Көлдүн экологиясына олуттуу зыян келтириши мүмкүн деген кооптонуулар да жаралган эле. Буга байланыштуу тиешелүү мекеме “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында түшүндүрмө берди.

“UIM F1H2O сыяктуу жогорку деңгээлдеги мелдештер үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо талап кылынбайт. Бирок көз карандысыз уюмдар жана мамлекеттик мекемелер тарабынан экологиялык экспертиза жүргүзүлдү. Биз муну экологиялык темаларга байланышкан чочулоолордон улам жасадык”, - деди Кубатов.

Андан сырткары, чемпионат учурунда жана ага чейин көлдүн экологиялык абалына мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү кызматтар, бир катар эксперттер жана Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тартыларын билдирди.

Ал белгилегендей, мелдешти өткөрүүдө Ысык-Көл биосфералык аймагынын талаптары да эске алынган. Тиешелүү мекемелер менен кеңешүүлөр жүргүзүлүп, чемпионатты өткөрүүгө тыюу жок экени боюнча жооп алынган.

Кубатов белгилегендей, UIM федерациясынын БУУ менен экологиялык коопсуздукту сактоо багытында бир катар макулдашуулары бар. Ал ошондой эле ЮНЕСКОнун коргоосундагы Индонезиядагы Тоба көлүндө F1H2O дүйнө чемпионатынын этаптары буга чейин үч жолу ийгиликтүү өткөрүлгөнүн мисал келтирди.

Агенттик чемпионат ийгиликтүү уюштурулган учурда аны жыл сайын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Быйылкы иш-чара пилоттук форматта өтө тургандыктан, жарышка экологиялык талаптарга жооп берген электр же гибриддик кыймылдаткычы бар кайыктар гана чыгарылат.

“Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, моторлуу кайыктар катышкан мелдештерде кагылышуулар болуп турганына карабастан, өткөрүлгөн өлкөлөрдүн биринде да күйүүчү майдын сууга төгүлүшү катталган эмес. Бул кайыктардын конструкциясы коопсуздук талаптарына ылайык атайын иштелип чыккан. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирди минималдаштыруу үчүн ыкчам тазалоо чаралары дароо көрүлөт”, - деп белгиледи Кубатов.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында 1500гө жакын бак-дарактар отургузулары белгиленди.

Белгилей кетсек, Формула-1 H2O (F1H2O) мелдеши1981-жылдан бери уюштурулуп келет. Аталышы Formula 1 – жарыштын эң жогорку классын билдирсе, H2O – суунун химиялык формуласы. Башкача айтканда, F1H2O “суудагы Формула-1” деген маанини туюнтат.

Жарышта атайын жасалган кайыктар суу үстүндө 250 км/саатка чейин ылдамдыкта жарышат. Чемпионат эл аралык деңгээлде өтүп, ага дүйнө өлкөлөрүнөн мыкты спортчулар катышып келет. Жалпы дүйнө жүзү боюнча анын 800 миллионго жакын күйөрманы бар.