Алдыдагы аптада кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?

Коом Загрузка... 20 Июль 2026 13:00
722217683_387555850.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы алдыдагы аптада күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, өлкөдөгү аба ырайынын температурасы өзгөрмөлүү болот.

Чүй жана Талас облусу:

20-21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

WhatsApp Image 2026-07-20 at 13.02.40.jpeg

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары:

20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

23-июлда түнкүсүн Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен облусунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз үч облустун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ысык-Көл жана Нарын облусу

20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми 21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 22-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

23-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.