Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги алма жана алмурут дарактарын өстүрүүдө туура кам көрүүнүн негизги эрежелери тууралуу айтып берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, алма менен алмурут - роза гүлдүүлөр тукумуна кирген мөмөлүү дарактар. Учурда дарактар гүлдөп бүтүп, мөмө байлай баштаган мезгил. Бул учурда кандай иштерге өзгөчө көңүл буруу керек?

Сугарууну туура жүргүзүү
Дарактын өсүшү жана мөмөнүн жакшы жетилиши үчүн сууну өз убагында берүү маанилүү. Айрыкча ысык күндөрү топурактын нымдуулугун көзөмөлдөө керек.
Жер семирткич берүү
Мөмөнүн сапаттуу өсүшү үчүн пайдалуу азыктар талап кылынат. Ошондуктан органикалык жана минералдык жер семирткичтерди убагында берүү жакшы натыйжа берет.
Илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөш жүргүзүү
Алма менен алмурутка ар кандай зыянкечтер жана оорулар зыян келтирет. Көбүнчө чыгыш мөмө курту, жалбырак жегич курттар, ошондой эле ак кебер жана парша оорулары көп кездешет. Булардын алдын алуу үчүн инсектициддер жана фунгициддер менен убагында дарылоо жүргүзүү зарыл.

Мындан тышкары, дарактарды өсүмдүк бити да басып кетиши мүмкүн. Мындай учурда өсүмдүктүн иммунитетин көтөрүүгө гумин кычкылдарын колдонуп, инсектициддер менен кошо берүү жакшы жыйынтык берет.
Дарылоо иштерин ар 10 күн сайын кайталап, жалпысынан 3 жолу жүргүзүү сунушталат. Ошондо оорулардын жана зыянкечтердин жайылышын алдын алууга болот.
Эң негизгиси мөмө терүүгө 30 күн калганда бардык химиялык препараттарды колдонуу толугу менен токтотулушу керек.