Гүлбаар айылындагы жаңы билим уясы: 320 окуучу заманбап шартта билим алат

Аймак Загрузка... 07 Апрель 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунун Гүлбаар айылына 150 орундуу мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, учурда имараттын курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Жакында билим уясы пайдаланууга берилет. Курулуш мамлекеттик казынадан каржыланып, анын баасы 74 млн сомду түздү.

Буга чейин иштеп келген эски мектеп 1980-жылы ашар жолу менен административдик имарат катары курулуп, кийин мектепке айландырылган.

Бүгүнкү күндө эски мектеп буздурулуп, ордуна аянты 1066 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Жаңы мектеп эшигин ачса, анда 320 окуучу билим алат.