Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө 12-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк артритке каршы күрөшүү күнү катары белгиленет. Бул күндүн негизги максаты - ревматологиялык оорулардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, артриттин бардык түрлөрү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана бул илдеттин алдын алуу. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунун илимий кызматери Аскат Абдыкеримов менен артрит оорусу тууралуу маектешти.

– Алгач артрит оорусу тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
– Адамда бир канча муун болот. Мисалы, тизе, чыканак, ийин, жамбаш, кол-буттун манжа муундары. Муундардын ичинде чел кабык жайгашкан. Ал суюктук бөлүп чыгарып, аны менен муундарды, кемирчектерди нымдап турат. Ошол чел кабыктар сууктан, инфекциядан жана башкадан улам сезгенет да, суюктукту мурункудан көп бөлүп чыгара баштайт. Муундардын шишиши, оорушу, кыймылын жогото башташы ошондон.

– Оорунун кандай түрлөрү бар?
– Артрит аутоимундук жана дегенеративдик болуп негизги экиге бөлүнөт. Аутоиммундукта иммундук система дененин дени сак клеткаларына жана ткандарына туура эмес кол салганда пайда болот. Иммундук системанын негизги милдети – организмди бактерия же вирус сыяктуу зыяндуу агенттерден коргоо. Бирок, аутоиммундук ооруларда иммундук система дене клеткаларына кол салат, анткени аларды зыяндуу агенттер деп ойлойт. Мындан улам муундар сезгенет да артрит пайда болот. Ал эми дегенеративдик артрит - бул муундардын сезгениши жана акырындык менен бузулуусу менен мүнөздөлгөн өнөкөт оорунун бир түрү. Медицинада бул оору көбүнчө остеоартрит деп аталат. Дегенеративдүү артрит дүйнөдөгү ар бир адамда бар.

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда артрит оорусуна кабылган жарандардын жаш курагы кандай?
– Дегенеративдик артрит - улгайган адамдар арасында гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө кеңири таралган муун оорусу. Себеби, жаш өткөн сайын муундардагы кемирчектер жешилип, муундарда оору жана кыймыл чектелиши пайда болот. Мурда бул оору негизинен улгайган курактагы адамдарда гана кездешсе, акыркы жылдары анын жаш курагы да төмөндөп, жаштар арасында да көп учурай баштады.

– Артриттин алгачкы белгилери кандай болот?
– Артрит оорусунда муундарда оору пайда болот — бул кыймылдаганда да, тынч абалда да сезилиши мүмкүн. Муунду толук бүгүп же жазуу кыйын болуп калат. Эртең менен же узак убакыт кыймылсыз болгондон кийин муундар катуулап, кыймылда кыйынчылык жаралат. Организм алсырап, энергия жетишпей, дайыма чарчоо сезилет. Кээ бир учурларда дене табы көтөрүлүшү мүмкүн.
– Дарылоо ыкмалары кандай? Физиотерапия, массаж жардам береби?
– Дарылоо ыкмалары артриттин түрүнө жараша тандалат. Мисалы, аутоиммундук артритти алсак, бул жаатта медицина акыркы жылдары чоң жетишкендиктерге жетти. Жаңы, натыйжалуу дары-дармектер пайда болуп, алардын жардамы менен бейтаптарды ийгиликтүү дарылап жатабыз. Бул дары-дармектердин эффективдүүлүгү дүйнөлүк илимпоздор тарабынан далилденген жана Кыргызстанда да кеңири колдонулууда. Айрым учурларда бул дарылар аркылуу ооруну толугу менен айыктыруу мүмкүн болуп жатат. Белгилей кетүүчү жагдай артрит оорусу муундар менен гана чектелбейт. Ал ички органдарды да жабыркатышы мүмкүн. Өзгөчө жүрөк, бөйрөк, өпкө сыяктуу маанилүү органдарга доо кетириши мүмкүн. Ошондой эле, артрит көзгө да таасир берип, көрүүнү начарлатат. Кээде бейтаптар алгач офтальмологго кайрылышып, андан кийин бизге жөнөтүлгөн учурлар кездешет.

– Артрит менен жашаган адамдарга кандай жашоо образы сунушталат? Артрит менен спорт же көнүгүү кылса болобу? Тамактануусу кандай болушу керек?
– Бул албетте, бейтаптын диагнозуна жана оорунун түрүнө жараша болот. Мисалы, остеоартрит оорусунда эң чоң кооптуу факторлордун бири ашыкча салмак жана туура эмес тамактануу. Ашыкча салмак муундарга кошумча күч алып келип, кемирчектердин жешилишине шарт түзөт. Ошондуктан оорулуулар салмагын көзөмөлдөп, туура тамактануу режимин карманышы керек. Муундарга күч келтирбеген жеңил көнүгүүлөр сунушталат. Тамактанууда артрит менен жабыркагандар тузду, майлуу жана куурулган тамактарды, ошондой эле тез даярдалуучу (фастфуд) азыктарды азайтуусу керек. Омега-3 май кислоталарына бай азыктар — мисалы, балык, жаңгак, зыгыр уругу пайдалуу. Андан тышкары, кальцийге жана D витаминине бай азыктарды колдонуу сөөк жана муундар үчүн маанилүү. Суусуздануудан сактануу да чоң роль ойнойт күнүнө жетиштүү көлөмдө суу ичүү сунушталат.