"Кыргызстан аэропорттору" Гамбургда "Aircraft Interiors Expo 2026" көргөзмөсүнө катышты

Бизнес Загрузка... 24 Апрель 2026 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. AIX салттуу түрдө отургучтардан жана салондон баштап, заманбап жарыктандыруу системалары, борттогу көңүл ачуу (IFE), интернет жана санариптик кызматтарга чейинки жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулук чечимдеринин алдыңкы өндүрүүчүлөрүн жана иштеп чыгуучуларын бириктирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Кыргызстан аэропорттору" ААК жетекчилиги Airbus, Panasonic Avionics, Thales жана башка тиешелүү компанияларды кошо алганда, дүйнөлүк тармактын лидерлери менен бир катар стратегиялык маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Негизги көңүл А321 учактары үчүн заманбап чечимдерди ишке ашырууга, анын ичинде ыңгайлуулукту жакшыртууга, салондун мейкиндигин оптималдаштырууга жана алдыңкы технологияларды интеграциялоого бурулду.

Инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду. Aerotec Group Europe менен учактарды техникалык тейлөө борборун түзүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгү боюнча жолугушуу жана талкуулар өткөрүлдү. Мындай долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүдө, техникалык көз карандысыздыкты жогорулатууда жана эл аралык өнөктөштөрдү тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болушу мүмкүн.

"Биз үчүн мындай жолугушууларга катышуу эл аралык байланыштарды бекемдеп гана тим болбостон, улуттук рынокко ылайыкташтырыла турган алдыңкы технологияларга жетүү, учактарды модернизациялоо жана ата мекендик авиациянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу практикалык пайдаларды да берет", - деп сөзүн жыйынтыктады "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.