Арзан баалар: Токтогулда азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Аймак Загрузка... 06 Март 2026 12:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеде уйдун эти 680 сомдон, башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр дагы базар баасынан арзан сатылууда.

Иш-чарага жергиликтүү дыйкандар, мал чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканалар катышып, өз продукцияларын ортомчусуз түз сатууга мүмкүнчүлүк алышты.

"Мындай формат өндүрүүчүлөрдү колдоого жана керектөөчүлөр үчүн баанын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.