Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаардык форумдун 13-сессиясынын (WUF13) алкагында уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн көргөзмө павильондорун кыдырды.
Уюмдан билдиришкендей, көргөзмөдө башкы катчыга түрк тилдүү мамлекеттердин шаарларды туруктуу өнүктүрүү, "жашыл" инфраструктура, "акылдуу" шаар долбоорлору жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине каршы көрүп жаткан заманбап чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Сапардын алкагында Кубанычбек Өмүралиев жогорку деңгээлдеги өкүлдөр менен жолугуп, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу маселелерин талкуулады.
Башкы катчы павильондордо сунушталган инновациялык ыкмаларды жогору баалап, Түрк дүйнөсүндө туруктуу, инклюзивдик шаарларды куруу үчүн өз ара өнөктөштүктү дагы да чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.