Берлиндеги туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

Экономика Загрузка... 03 Март 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. 3-4-мартта Берлин шаарында ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүүдө. Бул туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында Кыргызстандын улуттук стенди ачылды.

Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Анын ишине 11 туристтик компаниянын, 4 туристтик дестинациянын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы катышууда.

"Көргөзмөнүн алкагында B2B-жолугушууларды, Кыргызстандын туристтик потенциалын таанытуу иш-чараларын, ошондой эле алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумуна арналган иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын аталган көргөзмөгө катышуусу улуттук туристтик продуктуну илгерилетүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өлкөнүн дүйнөлүк туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө багытталган.