Бүгүн өлкөдө Китеп белекке берүү күнү белгиленүүдө

Коом Загрузка... 14 Февраль 2026 16:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.02.26. /Кабар/. Бүгүн өлкө аймагындагы китепканаларда 14-февраль — Китеп белекке берүү күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул демилге китепке болгон кызыгууну арттырууга жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталган.

Миңден ашык китепканада Book Swap акциясы, квест оюндар жана “Китеп — эң баалуу белек” аттуу иш-чаралар уюштурулуп, окурмандар китеп алмашуу аркылуу активдүү катышууда.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана фондун жаңы адабияттар менен толуктап, майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө.

Ал эми Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы жаш окурмандар үчүн атайын программаларды уюштурууда.

Мамлекеттик китеп палатасы аймактык китепканаларга жаңы китептерди таратып, фонддорду жаңылоого салым кошууда.