Бишкектин мэрине кантип кирсе болот? Арыз жазуу эрежелери жана кабыл алуу күндөрү

Коом Загрузка... 22 Май 2026 15:15
WhatsApp_Image_2026_lv7OhKe.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында жарандарды жеке кабыл алуу тартиби тууралуу айтып берип, кайрылуулар маселенин мүнөзүнө жараша караларын белгиледи.

Анын айтымында, мэрдин кабыл алуусуна кирүү үчүн мэрияга жазуу жүзүндө арыз менен кайрылуу зарыл. Жолугушууга 2–3 күн калганда жарандарга кабыл алуунун күнү жана убактысы тууралуу телефон аркылуу маалымдалат.

"Буга чейин мен ар ишемби сайын кабыл алчумун, бирок кабыл ала турган адамдардын саны чектелүү эле. Ошондуктан биз мындай чечимге келдик: атайын бир жуманы бөлүп, шаардын райондорун күндөргө бөлүштүрөбүз. Маселен, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү тийиштүү райондордун тургундарын кезеги менен толук кабыл алабыз", — деди ал.

Калаа башчысы шаар тургундары көбүнчө соода орундарын берүү, турак жай жана социалдык-материалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча кайрылышарын белгиледи.

Ошону менен бирге, ал кайрылууларды кароо мөөнөттөрү маселенин маңызына байланыштуу экенин айтты.

Алсак, турак жай менен камсыздоо маселелери муниципалитеттинин ыйгарым укуктарына кирбейт.