Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Бул тууралуу муниципалитет билдирет.
Маалыматка ылайык, Ленин администрациялык районунун башчысынын орун басары кызматына Бейшенбек уулу Нурсултан дайындалды. Ал буга чейин №106 МАБдын башчысы болуп иштеп келген.
Ал эми Октябрь администрациялык районунун башчысынын орун басары кызматына Жээнбаев Керим Жээнбаевич дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн улук инспектору кызматын аркалап келген.
Ошондой эле Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси кызматына Ниязов Бекжан Эркинбекович дайындалды. Ал буга чейин акимиаттын уюштуруу-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.