Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын волонтерлору үчүн Уюштуруу комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи масштабдуу маалыматтык жолугушуу өткөрүлөт.
Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чара 2026-жылдын башкы эл аралык иш-чарасына даярдык көрүү боюнча жаштар менен ачык диалогдун расмий башталышы болуп саналат.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар оюндардын волонтердук программасы тууралуу толук маалымат алып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышат.
Өзгөчө көңүл талапкерлерди тандоо этаптарына, ишмердүүлүк багыттарына жана эл аралык деңгээлдеги волонтерлор үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөргө бурулат.
Иш-чаранын программасында:
- каттоо тартибин жана тандоо критерийлерин түшүндүрүү;
- волонтердук ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бет ачары;
- катышуучулардын суроолоруна жооптор;
- дүйнөлүк масштабдагы иш-чараны уюштурууда жаштардын ролун талкуулоо.
Жолугушуу студенттерди, жигердүү жаштарды жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого катышууга кызыкдар болгондорду бириктирип, эл аралык долбоордун командасынын бир бөлүгү болуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
- Датасы жана убактысы: 21-февраль, саат 12:00;
- Өткөрүлүүчү жери: Борбордук Азиядагы Америка университети.