Бишкекте калдыктарды кайра иштетүүчү эко-технологиялык заводдун II этабы курула баштады

Министрлер кабинети Загрузка... 11 Июнь 2026 18:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводунун экинчи этабынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземине катышты.

Өз сөзүндө минкаб төрагасы бул долбоордун борбордун экологиясы жана келечек муундар үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Ал Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүп, анын натыйжасында абал бир топ жакшырып жатканын эске салды: жеке секторду газдаштыруу (анын ичинде шаардыктар үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү менен); дизелдик автобустарды газ жана электр энергиясы менен иштеген заманбап автобустарга алмаштыруу; көмүрдүн эң булгоочу түрлөрүн сапаттуу ири көмүргө алмаштыруу ж.б.

"Экинчи этаптын башталышы – бул Бишкектеги экологиялык кырдаалды түп-тамырынан жакшыртуу жана жашыл, таза, заманбап мегаполис түзүү боюнча масштабдуу демилгенин уландысы. Бул заводдун шаарга тийгизген пайдасын өзгөчө белгилегим келет: биринчиден, калдыктар көйгөйү чечилет; экинчиден, кошумча «жашыл» энергия булагы пайда болот; үчүнчүдөн, биз таза абаны жана саламат муундарды камсыз кылабыз. Бул этапты ишке ашыруу жыл сайын көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын болжол менен 312 миң тоннага кыскартууга мүмкүндүк берет", — деди Адылбек Касымалиев.

Касымалиев белгилегендей, заводдун II этабынын курулушу башталып, келечек муундар үчүн "мезгил кутучасы" салынып жатат.

"Бул балдарыбызга болгон убадабыз: аларга калдыкка белчесинен баткан шаарды эмес, заманбап, технологиялуу, экологиялык жактан таза жана коопсуз борборду өткөрүп берүү", — деп баса белгиледи төрага.

Эске сала кетсек, комплекстин биринчи этабы, 2025-жылдын 27-декабрында ишке киргизилген, суткасына 1000 тонна кайра иштетүүгө эсептелген; экинчи этап аяктагандан кийин комплекстин жалпы долбоордук кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага чейин жетет — экинчи блок 2000 тоннага эсептелген, курулушу үч жылдын ичинде бүткөрүлөт деп пландалууда.