Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялары өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Делегациясыларды эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Медер Абакиров жана Лю Бинь жетектеди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле тараптардын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Алдыда өтө турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги маанилүү иш-чараларга даярдык көрүү маселелери өзүнчө талкууланды.
Консультациялардын алкагында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган соода-экономикалык кызматташтыкка, ошондой эле айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасашты.
Мындан тышкары, БУУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы жана "Борбор Азия – Кытай" форматындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.