Бишкекте чет өлкөгө кетип жаткандар үчүн маалыматтык борбор ачылды

Коом Загрузка... 22 Май 2026 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы борбор министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун имаратында жайгашып, PROTECT долбоорунун алкагында Европа биримдигинин колдоосу менен ишке кирди.

Жаңы борбор чет өлкөгө чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктарга коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу миграция боюнча маалымат берип, мыйзамсыз миграциянын жана адам сатуунун тобокелдиктерин алдын алууга көмөк көрсөтөт. Ошондой эле жарандар үчүн чет өлкөгө кетүүгө чейинки багыт берүүчү жолугушуулар жана тренингдер уюштурулат.

Эске салсак, өлкөдөгү алгачкы мындай борбор Ош шаарында 2024-жылдын март айында ачылган. Андан бери борбор 21 миңден ашуун жаранга кеңеш берип, бош орундар жарманкелерин өткөрүүгө жетишкен.

Белгиленгендей, Бишкектеги борбор да ушундай кызматтарды туруктуу негизде көрсөтө баштайт.