Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Бишкекте БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Людвиг Больцман атындагы адам укуктары институту тарабынан ишке ашырылып жаткан JUST4ALL же “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылууда.
Долбоор пробация кызматтарын күчөтүүгө жана кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү маалыматтарды башкарууга багытталган.
Ошондой эле иш-чарада Пробация кызматы түзүлгөндөн тарта жасалып жаткан иштер, анын ичинде эркиндигинен ажыратууга альтернатива, реабилитация жана кылмышкерлерди коомго кайра кошуу иштерин өнүктүрүүгө кошулган салымдар айтылды.
Бул аракеттер эл аралык жана европалык стандарттарга ылайык кылмыш-жаза сот тутумунда ачыктыкты, тактыкты жана жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган.
Маалым болгондой, Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратура кылмыш процесстеринин негизги этаптарын - каттоодон тартып сотко чейинки өндүрүшкө жана сот чечимдерин аткарууга чейин камтыган заманбап улуттук маалыматтык системаларды иштеп чыгып, ишке киргизишкен.
Жогоруда аталган аракеттердин натыйжасында эркиндигинен ажыратууга байланышкан сот өкүмдөрүнүн саны 24%га кыскарып, түрмөлөрдөгү адамдардын саны 29%га азайган.
Долбоордун негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана укук бузуулардын бирдиктүү реестри түзүлгөн.
Иш-чаранын алкагында долбоордун экинчи этабына кол коюлду. Атап айтканда, сот адилеттиги тармагындагы иш-чараларды мындан ары да улантуу пландалууда.