Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. 27-28-апрель күндөрү Бишкекте Түркиянын алдыңкы университеттеринин билим берүү көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Иш-чараны "Кыргызстан Маариф" коомдук фонду уюштурууда жана долбоор эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүнү көздөйт.
Көргөзмөгө Түркиянын 29 алдыңкы мамлекеттик жана жеке университеттеринин өкүлдөрү, анын ичинде 11 университеттин ректору катышат.
Аталган аянтча мектеп бүтүрүүчүлөрү, студенттер, ата-энелер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү үчүн Түркиядагы окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрү, гранттык программалар жана билим берүү шарттары менен жакындан таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.
Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин катышуусунда "Кыргызстан-Түркия университеттеринин диалогу" өтөт. Жолугушуу мекемелер аралык тажрыйба алмашууну, илимий жана академиялык потенциалды бекемдөөнү максат кылат.