Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 7-апрелден 10-апрелге чейинки Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайынын болжолу менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми 8-9-апрелде жана 10-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.
10-апрелде күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын катталбайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
7-апрель
түнкүсүн 10…12 күндүз 24…26
8-апрель
түнкүсүн 9…11 күндүз 16…18
9-апрель
түнкүсүн 8…10 күндүз 16…18
10-апрель
түнкүсүн 6…8 күндүз 18…20